Menu

Качкын Булатов, укук коргоочу: “Атамбаев мындайга барбай эле койсо болмок”

Бөлүшүү:

Элдин колдоосу менен бийликке келип алып, убагы келгенде кеткиси келбей койгондун негизинде, бир далай жанкечтилер коомдук жерлерге жардыруу уюштуруп, колдоруна курал алып атышып, жөн жеринен бейкүнөө адамдын өмүрү кыйылып отурат. Бардык кол салуу, жардыруу, төңкөрүштөр бийликке нааразычылыктан чыгып жаткан жаңжалдар деп баласак болот. Мындай кан төгүү албетте жөн жеринен чыкпайт. Анткени, бийликти ээлеген ажолор мыйзамдын чегинен чыгып, бийликти узурпация кылганын мойнуна алгысы келбейт. Мамлекетке террордук чабуул жасашты деп күнөөкөрлөрдү издешип, жазалаганга шашат. Жазалаганы менен түпкүлүгү баары бир кайра эле ушу маселеге аргасыз келип жатпайбы. Демократиядан тайып, бийликтин даамын татып, кайра-кайра бийликке умтулгандыктан, нааразычылык чыга берет турбайбы. Мындай нааразычылык кайталана берерин тарых көргөзө алды. Акыркы эле Казакстан, Түркия мамлекеттериндеги атышуу, жардыруу, балким нааразычылыктын кесепети болуп жүрбөсүн. Чындыгында абсолюттук бийликке умтулгандарына каршы чыгып, демократиянын баалуулугун бийлик сактабаганын ачык айтып жатышат. Мындай талап туура эле, бардык күнөө бийликтен кетип жатат. Бийлик амалданып, мыйзамды бурмалап, жеке кызыкчылыгына ылайыктап жатканы оор кылмыш деп эсептесе болот. Аягы өкүнүчтүү болуп, карама-каршылыкка алпарып жатпайбы. Бийликте туруп убагы келгенде бийликтен кетпей, тырышкан жаман адат экенин тарых көгөзө алды. Бийлик мыйзам ченеминен чыгып, бийликти узурпация кылгандыктан нааразычылык чыгып келет. Ливиянын падышасы Каддафи мамлекеттин экономикасын көтөрө алса дагы, жаратылыштын купуя сырынан чыгып, өз убагында бийлигин тапшырбай, жек көрүндүгө айланган. Өзү жакшы болсо дагы үй-бүлөсү шапар тээп, коррупцияга тымызын аралашканын канчалык жашырса дагы коомчулукка билинип калат турбайбы. Ушундай кырдаалды коомчулук көрүп туруп кантип каршылык кылбасын. Канчалык кадыр-баркка ээ болсо дагы мыйзамдын чегинен чыкпашы керек эле. Убагында бийлигин кадыр-баркы менен тапшырып кетсе, өнүккөн өлкөсү ого бетер гүлдөп өсүп турмак. Чындыгында кешиштүү, кантсе дагы мусулман өлкөсү эмеспи. Азыр болсо согуш талаасына айланып, курулган шаарлар талкаланып, адамдар айбанга айланып, уруу-урууларга бөлүнүп, бир эл бирин бири кырып жатат. Үрөйдү учуруп  жаткан террордук чабуулдар басылбай койду, локалдык түргө айланды. Баардыгынын бир гана максаты – авторитардык бийликти жок кылуу. Мындай кадам өтө коркунучтуу, адамдын акыркы чеги деп бааласак болот. Эл деле айласы кетип, амалы түгөнүп, акыркы кадамын жасап чыкканына тарых гана баа береши мүнкүн. Бийликтен кетпей, ар кайсы амалдарды элге таңууласа, албетте эл нааразычылык акцияга чыгышат. Бийлик ага дагы көшөрүп карама-каршы иш алпарып, элди жалган жеринен камап, коркутуп, куугунтук уюштуруп, жамандап, жалган жеринен күнөө коюп, кылмыш иш козгоп жатса, албетте каршылык жаралат. “Манастан Чубак кем бекен” деп алардан дагы кыйындары чыгат.

Адамдын өмүрүнө коркунуч туудурган саясат бизде дагы жок эмес. Кайсы бийлик келсе эле адамдын тагдыры менен ойноп, бийлигин бекемдегенге жан талашып, ар кайсы амалдарды ойлоп, референдум өткөрүп, Башмыйзамга асыла баштамай адатка айланган. Ак үйдө отуруп алып элди алдайм же күчкө салып мыйзамды өткөрүп, кайра бийликти жүргүзөм деген акылсыз ой десек туура келет. Дүйнө өзгөрүлдү, глобалдык байланыш күч алып турганда, салыштырмалуу жашоону көрүп, демократиянын баалуулугун көрүп туруп, кантип абсолюттук бийлик түзүүгө болот. Күзүндө референдум өткөрөбүз деп Ак үй чамынып калышты. Баягы эле баш мыйзамды өзгөртүп, жеке кызыкчылыкты көздөп, бийликти бекемдеп алыш үчүн аракет кылуда. Атамбаев мындайга барбай эле койсо болмок. Үчүнчү революциянын детонатору болгусу келеби, мурунку төңкөрүш жанжалдарын ушу ажолор чыгарбады беле. Үркөрдөй болгон элге эксперменттин кереги бар беле, бир жазган Башмыйзамга тийишпей эле койсочу. Ойлонууга дагы убакыт бар, бары бир кыргыздар демократияга сугарылып калган эл, кайра артка кайтпайт. Дүйнө боштондукка умтулуп жаткан кез. Андан көрө жаратмандыкка умтулсаңар боло, уурулукту токтотуп. Чындап келгенде баарынар уурусуңар!!!

Качкынбек Булатов, укук коргоочу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: