Буга чейин өкмөт мүчөлөрү парламенттеги фракциясына ишенип премьер-министрди укпай, өз билгенин жасап келишкени белгилүү. Башбакандар министрлерди башкара албай, айласы куруган учурлар болгон. Эми президент Атамбаев бул маселени чечип, “кынк эткенин баштан ары чабасың” кыязында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго союл карматты. Тагыраагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул конституциялык мыйзам өкмөт мүчөлөрүн кызматтан бошотуу боюнча талаштуу укуктук нормаларды жок кылуу үчүн иштелип чыккан. Учурда иштеп жаткан мыйзамдын 24-беренесинде өкмөт мүчөлөрүн ким, кандай эреже менен кызматтан бошотору жазылган эмес. Бул кемчиликти жоюу үчүн бир тартип киргизилди. Ага ылайык эми премьер-министрдин сунушу менен президент өкмөт мүчөсүн кызматынан кетирет. Ошондой эле, жаңы мыйзам боюнча өкмөт коллегиясында бир чечим кабыл алгандан кийин министрлердин ага каршы чыгып же аткарбай коюусуна тыюу салынды. Мурда премьерди укпай күйдүргөн “борзый” министрлер эми кантет болду экен?
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ