Menu

Дүйнөлүк басма сөз: Эрдоган төңкөрүш аракетин “Алланын мээрими” деп сыпатташы жөн жерден эмес

Бөлүшүү:

Түркиядагы төнкөрүш аракети дүйнөлүк басма сөздө кенен орун алды. Төнкөрүш аракетин Эрдогандын “Алланын мээрими” деп сыпатташы жана бүт мамлекеттик органдарда “тазалоо” баштатканына көңүл бурулду. Түркияда укуктук талаада болуп жаткан терс иштерге айтылган сындар алдынкы орунга чыкты.

Төнкөрүш жана контр төнкөрүш 

Deutsche Welle’нин кабарында “Төнкөрүш жана контр төнкөрүш” деп аталган макалада, президент Эрдогандын төнкөрүш аракетин “Алланын мээрими” деп сыпаттап,  “түрктөрдүн көпчүлүгүнүн коркуу сезими эми азайгандын ордуна тескерисинче көбөйдү болуш керек. Бул күтүлбөгөн, оппозицияга “аң улоо”, белгисиз өзгөчө кырдаалдар, жогорудан келген төңкөрүштөн коркуу сезими. Эки жүздөн ашык адамдын өлүмү менен коштолгон төнкөрүштү Эрдоган “Алланын мээрими” деп сыпатташы кызык эле болот экен. Бул президенттин оюнда эмне бар экенин айгинелегендей. Бийликке каршы бул аракет, негизи бийликти ого бетер күчтөндүрдү” – деп жазды.

Армия дагы кол алдында болот

Münchner Merkur газетасы “Эрдоган максатына жетти. “Алланын мээрими” гана жетпей жаткан жана буга башынан эле фиаско менен бүтчү дилетантча даядалган аскердик төңкөрүш аркылуу жетти. Эми Түркия толугу менен аныкы. Эрдоган чындыгында мурда эңсеп келгендей Султан болуп калды. Армия дагы эми толугу менен кол алдында болот. Эрдогандын Түркиядагы мамлекеттик түзүмгө кыла турган өзгөртүүсүнө мындан ары эч ким тоскоол боло албайт. Оппозиционерлер, каршы көз караштагылар жана каршы көз  карашта деген этикетти алгандын баары четке чыкты. Аң улоо башталды жана бул тамырдан, зуулум жана кандуу болот.

Евробиримдик жол айрымында

“Frankfurter Allgemeine Zeitung” булагында Түркия менен Евробиримдик арасындагы мамиленин перспективасына мындайга токтолду: “Евробиримдик эми эмне кылат? Эрдоган Евробиримдикке муктаж эместигин жана өлүм жазасын кайрадан алып келүү маселесинде “Эч кимден сурабайбыз” деп ачык түрдө айтты. Эрдоган качкындар кризиси жана коопсуздук маселелинде сөзүндө турган бирөө катары жалгыз  Канцлер Меркелдин ишенимдүү ортогу эмес. Европалыктардын эскертүү катарындагы реакцияларын качанга чейин уланаарын  кыска мезгилде көрөбүз. Дароо ишенимдүү адам катары Эордогандын жанында орундарын алышат.

Түркия качкындарды Европадан алыс кармап, ошол эле учурда оппоненттерин жок кылганда ЕвроБиримдик үчүн чыдоого оор абал болот. ЕБ бир жол айрымында. Бир жактан Түрктөрдүн жанында болуу, экинчи жактан болсо бир деспотко көзкаранды болбоого тийиш. Европа өзүн өзү коргоосу керек бобосо жеңилет.

Эрдогандын цивилдүү төңкөрүшү

“Frankfurter Rundschau” булагы бул Эрдогандын өзүнүн төнкөрүшү болгонун жазды. Эрдоган төңкөрүш аракетин “Алланын мээрими” деп сыпатташы жөн жерден эмес. Бул окуянын шарапаты менен максатка койгон президенттик диктатурасына жакындап оппоненттерди четтетет жана өзүнө жакпаган сынчыл кишилерден кутулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул түрк Конституциясына жана Евробиримдикке мүчө болуу критерийлерине терс келет. Сөздү узатпай эле айтуу кажет: Эрдогандын койгон спектакли негизи өзү төңкөрүш: президенттин цивилдүү төнкөрүшү. Коомдун тынчтыгын сактоону оюна да келтирбейт. Төнкөрүштүн жаш офицерлери болсо Түркиядагы саясий жана коомдук турмуштагы жогорку деңгээлдеги жаатташунун жана институттардын алсыздыгынын белгиси.

Өлүм жазасы боюнча демилге Батыш менен мамилени солгундатат

“BBC”нин түркчө кызматынын кабарында Times гезити, “Ийгиликсиз төңкөрүш аракетинен кийин президент Эрдоган сот системасы жана армияда мурда көрүлбөгөндөй “тазалоо” ишине киришти. Көптөн бери арзып жүргөн толук кандуу бийликтин жолу ачылды. Эрдогандын өлүм жазасын талкууга ачуусу да маанилүү болуп, бул маселе Батыш менен болгон мамилени дагы да солгундатат.

АКШ-Түркия мамилелери кыйын кырдаалда

“Guardian” гезити “Эрдоган төңкөрүшчүлөдү жок кылууда, Гүленди төңкөрүш менен күнөөлөдө”деп жазып чыкты. Гезит, Эрдогандын Ф.Гүлен жана колдоочуларын тамырынан жок кылууну айтканын жазды. Кабарда Түркияда массалык“тазалоо” процессинин башталганын жана Гүлендин АКШдан экстрадациялоо маселеси боюнча АКШ-Түркия мамилелеринин татаал бир мезгилге учураганына басым жасалды.

Миңдеген киши камакка алынды

“Financial Times” гезити башкы бетинде төңкөрүш аракетинен кийин башталган  камакка алууларга көңүлдү бурду. “Эрдогандын жеке жансакчысы жана аскерий кеңешчиси полковник Али Йажынын да кармалышы, жасалма төңкөрүш аракетинин канчалык тереңдикке барганын көрсөттү” деп жазылат кабарда. Төңкөрүш болгон кечте Эрдогандын учагынын эки F-16 учагы менен коштогону,  миңдеген кишинин камалганына басым жасалды.

Булак: YENİ HAYAT DÜNYA 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: