Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мыйзамга баш ийүү ар бир жарандын милдети экендигин билдирип, өз унаасынын терезесин караңгылаткан чыптаманы сыйрыды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, кечээ ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана министрликтин башкы штабынын жетекчиси Бактыгул Абдыжалиев унаасынын “тонировкасын” алып салышканын билдирген.
Белгилей кетсек, кыргызстандык айдоочуларга машиненин алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып жүрүүгө 18-июлдан тарта расмий түрдө тыюу салынды. Бул боюнча өкмөттүн токтому 30-июнда чыккан. Эрежеге баш ийбегендерге 2000 сом айыппул салуу жана башка чара көрүү ыкмалары каралган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ