Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов акыры көксөгөнүнө жетти окшойт. Анын элдешкис душманы Жыргалбек Саматов менен болгон тирешине Жогорку сот чекит койгондой болду. 8-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Саматовду “Орусиянын жарандыгын алган” деген бүтүм менен мандатынан ажыраткан эле. Буга нааразы болгон депутат Биринчи май райондук сотуна кайрылып, ал жерден жарытылуу жооп ала албагандан кийин Жогорку сотко кайрылган, “мандатымды мыйзамсыз алып койду, кайрып бергиле” деп. Жогорку сот маселени карап, БШКнын чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин соттон эки жолу утуп, депутаттык төш белгисин кайтарып алган Жыргалбек мырза азыр маанайы чөгүп, күнкарама соттордун күндө ар кандай чечим чыгарганына ызырынып турган убагы. Жогорку соттон жолу болбогон Саматов эми кайсыл жакка кайрылат болду экен?
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ