Menu

Базар-Коргондо Жогорку соттун Аскаров боюнча чечимине каршы митинг өттү

Бөлүшүү:

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда өмүр бою соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча Жогорку Соттун чечимине каршы митинг аяктады. Бул тууралуу акциянын уюштуруучуларынын бири Нурлан Рахматов билдирди.

Анын айтымында, акцияда Азимжан Аскаровго карата өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сот чечимин өзгөртпөө талабы коюлду. Ошондой эле Аскаровдун сотуна көз салуу боюнча атайын кыймыл түзүү чечими кабыл алынды.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдын июнь окуясы боюнча айыптуу деп табылып, 2011-жылы Жогорку Соттун чечими менен өмүрүнүн акырына чейин кесилген. Бирок быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып чыккан.

Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого Чүй облустук сотуна жөнөткөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: