Түркия мамлекети Кыргызстандын ички иштерине кийлигишкенге акысы жок. Мындай пикирин, премьер-министрдин кеңешчиси, Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов жергиликтүү үналгылардын бирине берген маегинде билдирди.
“Түркияда болгон акыркы окуялар тууралуу биздин мамлекет аларга көрсөтмө берип, тигиндей-мындай кылгыла дегенге акысы жок да. Жөн гана кеңеш, сунуштар берилиши мүмкүн. Ал эми Түркиянын тышкы иштер министринин Кыргызстанга жасаган кечээги билдирүүсү такыр туура эмес кадам болду. Биздин ички иштерибизге кийлигишкенге эч кимдин акысы жок”, – дейт Мамытов.
Эске салсак, кечээ Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: “Кыргызстанга телефон чалып, кыргыз тышкы иштер министрине “гүленчилерге” болгон көз караштары өзгөрбөсө, биздин да мамилебиз өзгөрөөрүн айттым” – деп билдирүү жасаган.
Буга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жооп кылып, Кыргызстан көз карандысыз, эгемен өлкө катары эмне жакшы, эмне жаман экенин өзү чечүүгө кудурети жетете турганын билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ