Menu

Сооронбай Жээнбековду сооротуп, Төө-Ашуудан ашырып ийген Айдаров

Бөлүшүү:

Өткөн жуманын соңунда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна иш сапары менен барды. Ал жол тандабас “Жиптерде” жүргөнү менен Төө-Ашуунун тамтыгы чыккан жолдоруна келгенде уунасы “улуй” баштаганын көрүп, жанында коштоп жүргөн транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаровдон ачуусун чыгаргандай болду. Премьер-министр Айдаровго мамлекет өлкөнүн унаа жолдорун куруу жана реконструкциялоого чоң көңүл буруп жатканын, ошол эле учурда иштин сапаттуу аткарылышы зарыл экенин айтып, бул Транспорт жана жолдор министрлигинин ишин баалоодогу башкы критерий болуп саналаарын эскертти. Ал эми министр “баары сиз айткандай болот” деп өкмөт башчыны сооротуп, Төө-Ашуудан өткөрүп ийгенге шашты. Жээнбеков өтүп кеткени менен ал жолдордогу көйгөй чечилбей жатканын айтып нааразы болгон айдоочулар кечээ Транспорт жана жол министрлигинин астында митингге чыгышып, өйдө жактагылардын кан жолдун абалына көңүл буруп коюшун өтүнүштү. Алардын айтымында Төө-Ашуунун жолу бузулуп, күн ысыса чаң сапырылып, жаан жааганда ылай болуп, айдоочулардын айласын алты кетирип жатыптыр. Унаалар болсо жаман жолдо жүрө берип бузул, чыгымга учурап жаткандар көп. Эми Айдаров мырза айткандарын качан аткарат болду экен?

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: