15-августтан тарта паспорт-виза бөлүмдөрү Бишкек шаарынын бардык райондорунда жана Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарында документтерди каттоосуна эмес, жашаган жерине карап кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Иш-чара «Паспорт», «ЗАГС» жана «АСБ» автоматташтырылган маалыматтык системанын алкагында жүзөгө ашат. Ош, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча паспорт-виза бөлүмдөрү документтерди 2016-жылдын сентябрь айынан тарта кабыл ала баштайт.
Буга чейин паспортту Бишкектеги аймак аралык калкка кызмат көрсөтүү борборлорунда же каттоого турган жеринде гана алууга мүмкүн болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ