Menu

Текебаев ажого таарынычын билдирди…

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар, “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Кыргызстан” фракциялары Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштап жатканын СДПКнын лидери Иса Өмүркулов айтып чыкты.  Анын сөзүнө караганда Башмыйзамды өзгөртүүгө тиешелүү мыйзамдар жакынкы күндөрү коомдук талкууга чыгарылып, андан соң парламентте каралып, күз айларында референдум өткөрүлөт. Президент өзү демилгелеп жаткан өзгөртүүдө сот реформасын өткөрүүнү тездетүү, өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана башка маселелер каралган.

Серепчилер Башмыйзамга өзгөртүү киргизилсе, учурдагы президент Алмазбек Атамбаев мөөнөтү бүткөндөн кийин, өкмөт башчы болот деп жоромолдошууда. Айрым депутаттар болсо Конституциянын өзгөрүшү менен парламент тарап кетет деп кабатыр болуп жатышат. Кээ бир чет элдик ММКлар дагы бул маселе боюнча ойлорун ортого салып, Атамбаев Башмыйзамды өзүнө ылайыктап өзгөртүп жатканын, ал президенттик мөөнөтү бүтүшү менен өкмөт башчылык кызматка барып, өлкөнү башкарууну уланта турганын жазышты. СДПКнын лидери Иса Өмүркулов болсо ажо мөөнөтү бүтүшү менен ардактуу эс алууга кетерин дагы бир жолу кайталап, “Атамбаев премьер-министр же парламент төрагасы болбойт” деп билдирди.

Ал эми дагы бир кызык жайдай – Башмыйзамдын “атасы” аталган “Ата Мекен” фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин бул иштен четте калганы болду. Ал Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун иштелип чыгышына катышпаганын айтып, кээ бир партиялардын депутаттары лидерлердин айтканы менен кол коюп бергенин, мыйзамдын долбоорун өз көздөрү менен көрбөгөнүн жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

“Мен депутат коллегаларга кайрылат элем, өзүбүздү сыйлабасак дагы, элди сыйлашыбыз керек. Бизге ишенип, тагдырыбызды чечип беришет дегенден кийин Конституцияга өзгөртүүнү көрбөстөн туруп кол коюп берген бул жоопкерчиликсиздикке жатат. Эми мен бир аз тажрыйбасы бар депутат катары айтып коёюн, Акаевдин дагы, Бакиевдин дагы учурунда бир түндө жазылган проектини көрбөй туруп эч бир депутат кол коюп берчү эмес. Биз өзүбүз сындап жүргөн тоталитардык дейбизби, авторитардык дейбизби, замандагы депуттардай көз каранды болбошубуз керек”, – дейт Текебаев.

Анын айткандарынан ажого болгон таарынычтын “жыты” сезилип турат. Албетте, мурунку президент Башмыйзамды бурмалап, өз арбайын сого баштаганда, “арсыз бийлик авторитардык системаны орнотуп жатат” деп айкырып чыккандардын көч башында Атамбаев турганын элдин баары билет эмеспи. Бүгүн болсо Текебаев айткандай “бир түндө жазылган проектини” элге таңуулап, депутаттарга зордоп кол койдуруп жаткан бийликти кантип атасак болот?

Авторитардык режимди кулатуу максатында Апрель революциясы ишке ашты. Башмыйзам башынан жазылды. Анан парламенттик өлкө болдук деп дүйнөгө жар салганыбыз менен баягы эле президенттик башкаруу менен алты жылды өткөрдүк. Депутаттардын көпчүлүгү ажонун көзүн карап, баш көтөргөндөрдүн “башы алынып” жаткан ошол алты жыл аралыгында Атамбаев Башмыйзам боюнча үн каткан жок. Эми мөөнөтү аяктаганда өзү баш болуп киришип, өзгөртүүнү демилгелеп жатканынын артында кандайдыр бир чоң саясий оюндар бар экени көрүнө баштады. “Менден кийин бийликке кызуу кандуу бир жаш жигит келип калса элдин шору кайнайт” деп көзү ачыктык кылган Атамбаев, президентти алсыратып, анын ыйгарым укуктарын премьер-министрге алып берүү сунушун айкан эле. Азыр анын сөзүн парламенттин төрт фракциясы колдоого алып, күзүндө референдум өткөрүүгө камылга көрө баштады. Бирок, башында айткандай Текебаевдин бул командага кошулбай, четке сүрүлүп калганы коомчулукта суроо жаратты. Жогорку Кеңештеги коалициянын мүчөсү “Ата Мекендин” Башмыйзамды өзгөртүү маселесинен кабары жок калганын ар кандай божомолдогондор бар. Ал эми “атамекенчилер” ачык айтпаганы менен акырындап таарынычын билдирип жатканын көрүүгө болот. Чындыгында референдум өтүп, андан кийин парламент тарап кетчү болсо, аталган партия кайра Жогорку Кеңешке келээри арсар. Анткени, акыркы шайлоо алардын эл ичиндеги авторитетин ачык көргөзгөн. Ошондуктан Текебаев Башмыйзамдын өзгөрүшүнө каршы чыгып, анын демилгечилерине сын тагып жатышы мүмкүн. Же ажо менен болгон алакасында мандем барбы? Канткен күндө дагы быйылкы күз саясий аренеда бир топ “берекелүү” болот өңдөнүп калды.

Булак: Кyrgyztoday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: