6 жыл. Атамбаев Өкмөттү толугу менен контролдоп, өзү каалагандай иштетти…
6 жыл. Атамбаев Жогорку Кенешти толугу менен контролдоп, каалаган партияларын, адамдарын депутат кылды, каалаган чечимдерин өткөрдү…
6 жыл. Атамбаев сотко каалаган адамдарын коюп, каалаганын алып, каалаган чечимдерин чыгартып келди…
6 жыл. Атамбаев каалаган адамын премьер министр, Төрага, губернатор, министр, жетекчи кылды…
6 жыл. Атамбаев мамлекетти каалагандай башкарды…
Конституцияны өзгөртүп, Атамбаевке, дагы эмне беришибиз керек?!
6 жыл, хандык ыйгарым укуктары менен эч нерсе жасай албаган президент Атамбаев, эми, Конституцияны өзгөртүп, бир нерсе жасай алабы?!
Атамбаев бир дагы маанилүү мамлекеттик реформаларды жасай алган эмес жана жасай албайт!
Равшан Жээнбеков, экс-депутат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ