Казакстан премьер-министри Карим Масимов Акмоло облусундагы автомагистралда велосипед тепкендиги үчүн 10 605 тенге (30 доллар) айып пул төлөдү. Бул тууралуу ал Инстаграм социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазганын казак маалымат агенттиктери билдирди.
Буга чейин өкмөт башчы Акмоло облусундагы Бозайгыр айылынын жанындагы автомагистралда велосипед тээп жүргөн сүрөтүн жарыялаган. Бул көрүнүштөн кийин Масимовду жоопкерчиликке тартууну “Жарандык патруль” уюмунун активисттери талап кылышкан.
Эми Карим Масимов Инстаграмга айып пул төлөөгө мажбур кылган вело жүрүштү жана анын дүмүрчөгү тартылган сүрөттөрдү жарыялады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ