Өткөн жума күнү, 29-июлда Ысык-Көлдүн Тоң районунда УКМКнын 9-бөлүмүнүн кызматкери коңшусу менен арак ичип олтуруп чатакташа кетишкен да ызасына чыдабай 52 жаштагы коңшусун бычактап салган.
Бычакталган жаран ошол эле жерден жан берген. Милиция УКМКнын кызматкерин камакка алып, кылмыш ишин ачып, иликтөөгө өттү.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ