New York Post гезити жекшемби күнкү санында президенттикке талапкер Дональд Трамптын аялынын жылаңач сүрөтү менен макала жарыялады. “Сиздер эч качан мындай потенциалдуу канайымды көрө элекcиздер” деген тема менен чыккан бул макалада Меланья Трамптын 1995-жылы Max журналы үчүн тартылган бир нече сүрөттөрү жарыяланды.
Трамптын ММК боюнча башкы кеңешчиси Джейсон Миллер аталган гезиттеги макалада уяттуу эч нерсе жок экенин CNN каналына билдирип, “Меланья татынакай аял, анын келишимдүү сүрөттөрүн жөн гана искусство катары кабыл алсак болот”, – деп айткан.
Ал эми Дональд Трам аялы убагында ийгиликтүү модель болгонун, көптөгөн атактуу журналдар үчүн сүрөткө түшкөнүн, минтип кылдан кыйкым издөөнүн кереги жок экенин журналисттерге билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ