Бүгүн, 1-августа Ош облусунун Ноокат районуна караштуу «Сахаба» эс алуу жайында көзү азиз жарандар арасында интеллектуалдык сынактар болуп өттү. Бул боюнча «Мухсин-Нур» көзү азиздер коомунун жетекчиси Умаржан Ыманбердиев билдирди. Анын айтымында аталган сынак «Мухсин-Нур» көзү азиздер коому тарабынан уюштурулуп, коомго Ош облусунун аймагынан мүчө болгон 10дон ашуун жарандар арасында Куран окуу, сүрөт табуу, оозеки дуба айтуу жана арабча сөз жасоо боюнча күч сынашышты. Сынак учурунда катышуучуларга атайын сүрөт тартылган кагаздар берилип, сүрөт эмне жөнүндө экендигин ийне менен чегилген тамгалар аркылуу таап алуу тапшырмасы берилди. Мындан сырткары катышуучулар сезимталдуулугу жана жаттоо чеберчилиги аркылуу Куран сүрөлөрүн кагазга чегилген тамгалар аркылуу окуп, оозеки сөздөрдү которуп кураштыруу жана дубаларды жатка айтуу менен көрүүчүлөрдү таң калтырышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана бардык катышуучуларга Ош облустук мусулмандар казыятынын демөөрчүлүгүндө турмуш-тиричиликке керектүү буюм түрүндөгү белектер тапшырылып, сый тамак уюштурулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ