“Андрей Бельянинов Кыргызстан үчүн көптөгөн жакшы нерселерди жасады. Мен ага “кызматыңан кет” деп үч жыл мурда эле айткам. Аны “бирде болбосо бирде отургузуп коет” дегем. Эми ал кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы боло албай турганы мен үчүн өкүнүчтүү”, – деп билдирди бүгүн, 1-августта Ысык-Көлдө берген маалымат жыйынында Алмаз Атамбаев.
“Евгений Дод да биздин мамлекет үчүн жакшылык гана кылууну каалаган. Анын камалып калганына өкүнөм. Мага аларды Кыргызстанга жардам бере албай калсын деп отургузушканын айтышты. Эми анын баарын тергөө иликтейт”, – деди Алмаз Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ