Menu

Президент Өмүрбек Бабановдун дарегине ачуу сын айтты

Бөлүшүү:

Тилин тишине катып, Жогорку Кеңештеги оппозициялык азчылыкта элдир-селдир өмүр сүрүп жаткан “Республика-Ата Журт” фракциясы ушул кезге чейин жарытылуу  сөз айтып, топ жарганын көрбөдүк. Оппозициялык жээкте жүргөнүнө карабай өйдө жактын ишаараты менен иш кылып жатканын саясий талдоочулар деле бир нече ирет айканы бар. Ошол фракция Алмазбек Атамбаев демилге кылган Башмыйзамды өзгөртүү боюнча сунушту колдоого алып, анын айтканын жүзөгө ашырууга катуу аракет кылып жаткандай. Бирок, аталган фракциянын башчысы Өмүрбек Бабанов минтип бар депутаттары менен ажого баш уруп кызмат кылганына карабай, Атамбаев ага көзү түз эмес экенин кечээки Ысык-Көлдө өткөн маалымат жыйынында дагы бир жолу билдирди.

Анда Атамбаев азыркы парламентке ичи чыкпай турагын айтып, Бабановдун партиясын мисалга тартты. “Бул парламент биз ойлогондой болбой калды. Мисалы, “Республика – Ата-Журтту” карасаңар, шайлоо алдында партиянын тизмесинде экинчиси орус, үчүнчүсү өзбек болуп, башка улуттарга дагы орун берилген. Мындан сырткары тизмедеги ар бир үчүнчү талапкер аял болчу. Азыр байкасаңар, жалаң эркектер менен кыргыздар отурат. Бул элди алдагандык болот. Мындай жол менен парламентке келүү жакшы көрүнүш эмес”, – деди өз сөзүндө Атамбаев.

Бул сөзү менен ажо Бабановду ачык эле сындап, аны айтканын аткарбаган адам катары элге көрсөткүсү келди шекилдүү. Бул да болсо шайлоо алдында БӨТкө жасалган чабуул болушу мүмкүн. Анткени, азыр кээ бир адамдардын кийинки президент Бабанов болот деп ачык эле айта баштаганы ажого жакпай калышы турган кеп. Бирок, Бабанов деле Атамбаев айткандай шайлоо алдындагы убадаларын унутуп бара жатканына наарызы болгондор дагы көп.

Булак: Кyrgyztoday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: