Эгер Башмыйзам өзгөртүлсө, анда Өмүрбек Текебаев жоопкерчиликке тартылышы керек. Мындай пикирин экс-депутат Жылдызкан Жолдошова Бишкекте өткөн “Атамбаев. Конституция. Кайран элим, кайда баратабыз?” аттуу төгөрөк үстөлдө билдирди.
“Эгер Башмыйзам өзгөртүлсө, анда Текебаевди камаш керек. Анткени, 87 баланын каны менен аралаш жана Ош окуясында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жарандардын кыркы чыга электе 90 пайыз элдин колдоосу менен кабыл алдыртып алып, 2020-жылга чейин өзгөрүлбөйт деген Конституция бүгүн өзгөрүп жатканы – бул эки жүздүүлүк. Башмыйзамдын атасымын деп көкүрөк кагып жүргөн Текебаев эмне үчүн азыр ушундай өзгөртүүгө жол берип жатат? Ушул кылыгы үчүн аны мандаттан ажыратып, жоопкерчиликке тартыш керек”, – деди Жолдошова.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ