“Оппозиция – деген темир тосмодон аттап, курал ала чуркоо же Талгарбековдун компаниясы эмес. Оппозиция – деген өзүнүн көз карашы болуп, бирок бийликке жардам берип ал менен кеңешкен күч болуш керек”, – деп билдирди кечээ, 1-августта Ысык-Көлдө берген маалымат жыйынында Алмаз Атамбаев.
“Учурда темир тор артында анчалык кадыры жок акылынан айнып калган оппозициялык күчтөр отурат (күлүп). Мындай кишилердин сабак алуусу зарыл. Бизге тынчтык менен туруктуулук керек. Аны бузууну каалаган диний радикалдар жана “акылынан айнып калган” кишилердин орду түрмөдө”, – деди Алмаз Атамбаев.
Эске сала кетсек, азыр темир тор артында бир кездеги Атамбаевдин соратниктери Кубаныч Кадыров, Бектур Асановдор да олтурушат.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ