Menu

Нурбек Токтакунов, адвокат: “Алмаз Атамбаев акылынан айнып калды!”

Бөлүшүү:

“Мен 2010-жылы Убактылуу өкмөт түзгөн Конституциялык кеңештин мүчөсү болгомун жана азыр иштеп жаткан конституцияны жазууга катышкамын. Анда жаңы бийликтин каалоосу боюнча конституция 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт деп ачык, даана жазылган”, – деп билдирди бүгүн, 2-августта Бишкекте болуп өткөн “Атамбаев.Конституция. Кайда баратабыз?” аттуу төгөрөк үстөлдө  адвокат Нурбек Токтакунов.

“Азыр бийлик конституцияга сунуш кылып жаткан өзгөртүүлөрдүн биринчи эле бетин окуган сабаттуу адам жерге түкүрөт. Биринчи эле бетке адам баалуулуктары тууралу декларацияларды киргизип коюшуптур. Ал баалуулуктар юридикалык нормалар эмес да, алар жакшы нерселердир, бирок конституциялык нормалар эмес да, ал баалуулуктар конституцияга киргизилбеш керек. Бул жеткен сабатсыздык. Алмаз Атамбаев акылынан айнып калыптыр! (“С ума сошел!”) Калгандарын айтпай эле турайын. Биз элди Атамбаевдин мындай кадамдарына каршы уюштуруп, конституцияны өзгөртүүгө, бийликти узурпациялоого жол бербешибиз керек!” – деди Нурбек Токтакунов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: