Menu

Вашингтондо “С5+1” жолугушуусунда Борбор Азиянын көйгөйлөрү талкууланат

Бөлүшүү:

Бүгүн АКШнын мамкатчысы Жон Керри Вашингтондо Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолугушат.

Кездешүүнүн негизги темасы – чөлкөмдөгү коопсуздук, экономикалык байланыштар, экологиялык көйгөйлөр, климаттын өзгөрүшү жана гуманитардык маселелер.

Ошондой эле бул жолугушууда былтыр ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн чогулушта сүйлөшүлгөн долбоорлор тартууланат.

АКШнын мамкатчысынын орун басары Дэниэл Розенблюм белгилегендей, “С5+1” тобунун максаты бул өлкөлөрдүн алдында турган коркунучтарга жана процесстерге чара көрүүдө.

АКШ жетекчилиги коопсуздук маселесинде Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты күчөткүсү келгенин жашырбайт. Вашингтон Ооганстандан келип жаткан коркунучтарга – Талибан, ИШИМ, баңги ташуу, терроризм жана экстремизге каршы күрөшүү үчүн БА мамлекеттерине берип жаткан жардамынын көлөмүн көбөйтүүгө даяр.

Быйыл июнда АКШ конгрессинин тышкы байланыштар боюнча комитетинде сүйлөп жатып Розенблюм бул өлкөлөргө берилчү жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө чакырган. Анын айтымында, Борбор Азияда АКШнын эки узак мөөнөттүү максаты бар – постсоветтик өлкөлөрдүн мамлекеттүүлүгүн колдоо жана сырттан көз каранды болбогон күчтүү өлкөлөрдү түзүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: