Menu

Журналист Дайыр Орунбековго карата кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Журналист Дайыр Орунбековго карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ал Кyrgyztodayге билдирди.

“Бүгүн, Аламдүн райондук сот аткаруучуларына керектүү документтерди алуу үчүн баргам. Ал жактан мага карата Октябрь ИИБи кылмыш козгогону тууралуу маалымат алдым. Кылмыш иши Атамбаевдин кадыр-баркына келтирилген моралдык чыгымды тѳлѳбѳй жана ал тууралуу жазган макаланы тѳгүндѳп, президенттен кечирим сурабай жатат деген негизде ачылды. Бирок, мунун баары чындыкка туура келбейт. Мен сот чечимин аткаруудан баш тарткан эмесмин, аткарып ага каражаттарды тѳлѳп баштагам. Бул бийликтин гана мага карата кысымы. Жакында ѳзүмѳ таандык “Маалымат.KG” сайтымды тартып алышкан. Сайтымды тартып алышкандан кийин мен кайсы булактарга тѳгүндѳмѳк элем? Булар атайын менин мүмкүнчүлүктѳрүмдү жаап, анан кылмыш ачкылары келип жаткан. Бул албетте Ак үйдүн буйругу. Мен укуктук жактан эч кандай мыйзамга каршы аракет кылган жокмун”, – дейт Орунбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: