Күздө болчу шаардык кеңештин жарышына карай капчыктуу партиялар кызуу даярдыкты башташты. Командасын күчтүү балдардан курап, кыл чайнашта “уруп чыкчу” жигиттерди айланасына топтоо жагынан алдына киши салбаган Өмүрбек Бабанов “Республика – Ата Журт” партиясына жарышка түшчү “күлүктөрдү” өзү башында туруп тандоодо. Буга дейре партиянын жаштар канатын жетектеп, Юракадемияда мугалим болгон Канат Мидин уулу аттуу (Руслан Казакбаевдин өкүл баласы) “жаш күлүктү” Бабанов жарышка кошкону турат. Түбү жумгалдык Саяктан бүткөн Канат чынында заманбап жаштардын катарын толуктайт. Дзюдо боюнча далайдын далысын жер жыттаткан күчтүү спортсмен гана эмес, мыйзамдардын тилин мыкты билген күчтүү юрист экенин эч ким тана албайт. Канаттын кендирин бир гана капчыктагы каражат көйгөйү ойлондурууда. Эми өсчү жигитке Өмүрбек Бабанов өзү битиребей биртке акчасын кошуп койсо, аны көргөн өкүл атасы Руслан Казакбаев деле жөн жатпай, намыстанып кантип жашылбайын кошконго жарабасын? Баланын шагын сындырбай, чечүүчү учурларда колдоп коюшса болот да, туурабы?
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ