Menu

Кыргызстанда Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршы кыймыл түзүлдү

Бөлүшүү:

Кыргызстанда кээ бир саясий топтор жана жарандык активисттер Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршы чыгышууда. Алар бийлик референдум өткөрүү менен таасирин сактап калууну көздөп жатат деп билдирип, бийликтин бир колго өтүшүнө каршы кыймыл түзүштү.

Тегерек столдо Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова белгилегендей, сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү мыйзамдарды бузуу менен киргизгени жатышат. Анын пикиринде, реформаны ишке ашыруу үчүн конституциялык кеңешме түзүп, калың катмарда талкуулоо керек.

Депутат Чолпон Жакупова парламентте басым астында негизги мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол топтолуп жатат деп билдирди.

Тегерек столдун жыйынтыгында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы атайын жумушчу топ түзүлмөй болду. Идеяны “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров көтөрүп чыкты. Анын айтымында, аймактарга чыгып, эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесине Жогорку Кеңештеги алты фракциянын бешөө кол койду. Реформанын негизги максаты деп өкмөттүн ыйгарым укуктарын күчөтүү жана сот реформасын тездетүү аталууда. Референдум күзгө пландаштырылды. Азырынча тиешелүү мыйзам долбоорлору коомдук талкууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: