Жакында эле президент Ысык-Көл облусуна барып, жасалып жаткан жолдун абалы менен таанышты. Иштин жүрүшүн көрүп, ичи жылыбаган Атамбаев күнөөнү экс-премьер Темир Сариевге оодара салды. “Мурдагы өкмөт акча жок экенин көрүп туруп жол курууну баштап салган. Бул өлкөгө каршы диверсия болуп эсептелет”, – деп каарын төккөн ажо Көчмөндөр оюндарына чейин жолдун керектүү бөлүгүн бүтүрүүнү буйруду. Бирок, Балыкчы-Корумду жолу толук бойдон жакын арада бүтөөрү арсар болуп калды. Муну Атамбаев өзү дагы мойнуна алып, “быйыл бүтүрө албайбыз” деп айтты. Ал эми Сариевдин дарегине узаткан “каардуу сөзүнүн” артында “бир балээ” бар экени байкалды. Бул билдирүү Темикенин уйкусун качырып, санаага салган жокпу? Канткен менен жол чырына бирөө жооп бериш керек да…
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ