Menu

Түркияда Фетхуллах Гүленди камоого ордер берилди

Бөлүшүү:

Түркияда оппозициячыл диний ишмер, АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүленди камоого ордер берилди. Стамбул соту “15-июлда төңкөрүш кылууга ал буйрук берген” деген токтом чыгарды.

Гүлген Түркияда күч менен бийликти алмаштырууга аракет жасоого тиешеси жок экенин айтып келет. Диний ишмер ал жетектеген кыймыл кайрымдуулук иштери менен гана алектенерин билдирүүдө. Анкара Гүленди кайтарып берүүнү талап кылганы менен АКШ бийлигине расмий түрдө али кат жолдой элек.

Бейшембиде Түркия президенти Режеп Эрдоган оппозиционер менен байланышы бар бардык жеке компанияларды кирешесинен ажырата турганын кабарлаган. Эрдоган Гүленге тиешеси бар уюмдарды “терроризмдин уюгу” деп атаган.

Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракетине катышкан деген шек менен 10 миңден ашуун адам кармалды. 70 миңдей мамлекеттик кызматкер, полиция жана аскер адамдары жумуштарынан бошотулду. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, Адам укугу боюнча Европа конвенциясынын аракети токтотулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: