Menu

Илим Карыпбеков: “Мен кайырчыларга акча бербейм”

Бөлүшүү:

Мен кайырчыларга акча бербейм. Өзүмдүн себептерим бар. Мисалы, жаш кайырчы балдарга бербегенимдин себеби, биринчиден, аларды ушундай ишке түртүп аткан адамдар бар деп ойлойм: ичкич ата-энеси, мектептеги, короодогу тентек, авторитет сөрөй балдар ж.б. Экинчиден, биз акча бергенде алардын аркасындагы адамдарды ушул ишти дагы алдыга жылдырганга үндөйбүз деп ойлойм. Башка курактагы кайырчыларга дагы өзүмдүн ойлорум бар. Бирок, бүгүн башкача окуя болду. Жарым саат мурун “Народный” дүкөнүнүн жанындагы банкоматка токтоп калдым. Дүкөндүн алдында аял киши менен жаш бала кайыр сурап отурушуптур. Аял киши байпак түйүп отурат, баласы жанында. Банкоматтан тыйын алып атып, алардын сүйлөшкөнүнө күбө болуп калдым. Көбүнчө бала суйлөп атты. Апасынан тоолор, жайлоо, жаныбарлар жөнүндө сурап жатты. Анан кыялын дагы айтып, чоңойгондо көп кой, уй жана аттары болоорун айтып, аларды жайлоодо багып, апасын тоого алып кетээрин, апасы эч качан акча сурабасын айтып кыялданды. Бала жөн эле сүйлөп, башка балдардай эле кыялданып жатты. Мен өз жаш кезимде жакшы фермер болоорумду кыялданганымды эстедим. Алар менен тааныштым.

Баланын аты Актилек экен, 9 жашта, апасы Гуля. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылынан болушат экен. Күндүз апасы тазалоо жумуштарын кылып иштесе, кечкисин кайыр сурашат экен. Актилек каникулда дейт, сентябрда айылга барып туугандарыныкында болуп, окуусун улантат дейт. Мен бир аз акчамды, өзүмдүн балмуздагымды Актилекке берип, “жакшы оку” деп сурандым. Бирок, менимче Актилекке менин кеңешимдин кереги жок. Актилектин ийгиликтүү болуп кетиш шансы биздин даярдыкта чоңоюп калган айрым балдарыбыздын көбүнөн бир аз көбүрөөк деп ойлойм. Себеби жашоо эн чоң мектеп жана сыноо.

Илим Карыпбеков, КТРКнын жетекчиси

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: