Бишкек шаарынын Алматы көчөсүндө илинген “Кайран элим, кайда баратабыз?” деген жарнактын бир бөлүгү күйүп кетти. Бул тууралуу vb.kg сайты жазды.
Бишкек милициясынын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктап, өрттүн чыгышына электр зымдарындагы чыңалуу себеп болгонун билдирди.
Эске салсак, мындай жарнактар алгач 13-июлда Бишкек шаарында пайда болгон. Кийин Алмазбек Атамбаев бул жөрөлгөнү колдоорун билдирип, аны бүткүл аймактарга таратуу үчүн акча бөлдүргөн эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ