Menu

Рио-де-Жанейродо журналисттер бараткан автобус аткыланды

Бөлүшүү:

Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан Олимпиада оюндары маалында белгисиз адамдар журналисттер бара жаткан автобуска карата ок чыгарышып, андан эки киши жеңил жараат алды.  Бул тууралуу  РБК билдирди.

Күбөлөрдүн маалыматтары боюнча автобус баскетбол оюндары өткөн жерден башкы олимпиадалык сейил багына бара жаткан. Олимпиадалык объектилердин ортосундагы жолдо эки ирет ок атылып, анын жыйынтыгында автобустун айнектери талкаланган.

Чачыраган айнек сыныктарынан эки киши жеңил жараат алды. Азырынча Бразилия полициясы бул окуя боюнча эч кандай маалымат берген жок.

6-августта Олимп оюндардын алкагында ат спорту боюнча мелдештер өтчү жерден алыс эмес жайгашкан маалымат борборунун чатырына ок тийген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: