Экс-премьер-министр Темир Сариевге карата күзгү “саясый сезондо” кылмыш иши козголоору каңкууланууда. Учурда күч органдарында Т. Аргембаевичке карата “өздүк дело” топтолгону, жогорку жак «добросун» берсе, аны шаардык кеңештин шайлоосуна жеткирбей кылтакка илүү жараяны күчүндө турганы чын беле? Экс-премьердин арты менен карьералык секирик жасашкан “чыйпыт кадрлар” башкаруу бутактарынан четинен сүрүлүп жатса, мындай жосунга ачууланган Темикең демин ичине катып, “чыдай тургула, биз баары бир жеңишке жетип, бийликке келебиз” таризинде командасын жооткотуп жатканы кабарланды. Эми жеңишке жетиши кыйын го, бирок, шайлоодо бийлик талапкерине баары бир түйшүк жаратаары турган иш. Эске сала кетсек, башта Кремлден коңгуроо болуп, Сариевди коргогону боюнча айтылган. Азыр болсо, шайлоого жеткирбей кылтакка илип коюу бийлик үчүн жагымдуу иш да, туурабы? Буга ашыкча логиканын деле кереги жок.
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ