Menu

Жолдошева “досу” Текебаевди кеч боло электе саясаттан кетип калууга чакырды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин V чакырылышында коалициялык көпчүлүккө Текебаев өз фракциясы менен кошулганда, мен Атамбаевге: “Текебаевди оң кол кылып алган соң, душманды алыстан издебеңиз, эми душманыңыз жаныңызда болот”, – дегем. Эмнеге минтип айттым? Себеби, кайсы презденттин бийлиги болбосун, солгундай баштаганда, эмнегедир Текебаев “оппозиционер” боло калат. Бир жээктен экинчи жээкке эч бир кабагым кашым дебей туруп өтүп кете берет. 2010-жылдын апрелинен баштап, бүт премьер-министрлерди, (Сооронбай Жээнбековдон башкасын) Текебаевдин “классикалык” ыкмасы менен дайындагандыгы да чындык. Башкача айтканда ал жерге өз кадрларын алып барды. Орчундуу маселе болуп калганда, каяша сүйлөмүш болуп, президент менен соодалашуу жолу менен көптөгөн маселелерин чечип алганы тар чөйрөдө айтылып калчу.

Азыркы Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүүгө 2015-жылы Текебаев макулдугун берген. Феликс Куловдун иш бөлмөсүндө беш фракциянын лидерлери жолукканбыз, мен төмөнкү сунуштарды айткам: 120 депутатты 60 депутатка кыскартууну, кол тийбестикти алып салууну, бир инсан бир гана жолу депутат боло алуусун. “Менин сунуштарымды кабыл алсаңар мен колдойм, эгер кабыл албасаңар Конституцияны өзгөртүүнү колдобойм”, – дегем. Албетте, кабыл алышкан жок. Ошондуктан мен жалгыз Конституцияны өзгөртүүгө каршы болгонмун. Биздин жолугушуубузда Данияр Нарымбаев да катышкан. Андагы Конституцияны өзгөртүү долбоору азыр сунушталып аткандан башкача болчу. Мен ошондо Текебаевге таң калгам, менин ачуу суроолорума “Конституциянын атасы” теригип да, терикпей да жооп берип атты.  Ошол жылы өзгөртүү киргизүүнү ал 100% эмес, 200% колдогон. Ал эми азыркы Текебаевдин кадамын мындайча түшүнүп атам: ал премьер-министрлерди өзү тандап туруп, акырын шайлатып алчу. Эми соодалашууга ыңгайлуу шарт түзүлүп калды. Текебаев мындан ары эмне кылат? Албетте, премьерлик креслону соодалашат. Өзү үчүн эмес, Калыкбек Султановду Сооронбай Жээнбековду кетирип, ордуна шайлатып алыш үчүн. Муну ал Атамбаевден талап кылат. Президент айласыздан анын талабын аткарууга барат. Мен айткандай болуп калса таң калбагыла. Себеби, Текебаев менен Султановду көп нерсе бириктирип турат.

Ошентип, Текебаев алты жылдан бери каалаганын жасап келе жатат. Соодалашабы, коркутабы, шантаж жолу мененби, айтор эмне кааласа, ошол ой-максаттарын ишке ашырат. Ошондон улам Кыргызстанды жалгыз Текебаев башкарып жаткандай ой кетет. Аттиң, мыйзам менен деле мамлекетти талкалап койсо болот турбайбы… Эй, “дос”, кеч болуп кете электе саясаттан кетип калбайсыңбы? Чынын айтайын, калайык калк чоң той бермек. Ойлонуп көрчү “дос”, элдин сообуна калчы.

Жылдызкан Жолдошева, экс-депутат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: