Menu

Президент ГЭСтерди курууга жаңы инвестор издөөнү тапшырды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-августта Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды. Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда жолугушууда Атамбаев күз-кыш мезгилинде калкты электр кубаттуулугу жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн өлкөнүн энергетикалык объектилериндеги бардык даярдоо жана оңдоо иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү зарыл экенин баса белгиледи.

Айбек Калиев Кыргызстандагы гидроэлектростанцияларды куруу боюнча инвесторлорду издөө жана чет жердик компаниялар менен  өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюу иштери тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жана ишке берүү боюнча Россия Федерациясы менен макулдашуулардын аракети токтогонуна байланыштуу аталган объектилерди куруу үчүн өкмөт инвесторлорду активдүү издөө зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары Улуттук энергетика холдинг компаниясынын башчысына бул маселе боюнча сунуштарды иштеп чыгууну жана Кыргызстанда жаңы гидроэлектростанцияларды куруп жана ишке тапшырууда зарыл жеӊилдиктерди берүү боюнча тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды даярдоону тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: