Menu

Шекербек Камчыбек уулу, коомдук активист: “Унгар-Тоо биздики, аны сактап калышыбыз керек”

Бөлүшүү:

– Буга чейин дагы Унгар-Тоого 2013-жылы Өзбектсан чек арачылары желегин илип алышкан эле, жергиликтүү эл козголо баштаганда артка чегинген болчу. Убакыт өтүп, бул маселенин кайрадан көтөрүлүшүнө эмне себеп болду? 

– Себеп, 2016-жылдын 23-мартында Аксы районунун Кербен шаардык кеңешине келген,  Өкмөттүн 2015-жылдын 11-ноябрындагы №18-177 кабыл алынган “О переносе радиорелейный станция Западного (РРС-15) находящейся  на территории Республика Казахстан, и радиорелейный станция “Кербен” (РРС-24) находящейся на территории Республики Узбекистан” деген протоколу себеп болду.

Биринчиден, аталган протокол Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким М.Айдаралиевке келген. Аким протоколго кол коюп, Кербен шаардык мэриясына жана шаардык кенешке тез арада карап, жаңы станция курууга жер тилкесин ажыратып бергиле деп жөнөткөн. Кезексиз сессия жер тилкесин бөлүп берүүдөн баш тарткан. Себеби, Өкмөттүн протоколу боюнча Унгар-Тоодогу станция көчүрүлүп кетсе, анда Унгар-Тоо Өзбектсанга өтүп кетет. Анткени протоколдо Унгар-Тоону Өзбектсандыкы деп таанып койгон. ММК аркылуу аталган протокол тууралуу чыр чыкканда Өкмөттүн пресс катчысы “жалган, мындай протокол бизде болгон эмес” деп, жарыя салган. Унгар-Тоо тарыхый жактан да, эки тараптуу кабыл алынган картада да биздики, мен муну ишеничтүү айта алам!!!

Андан кийин Өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү К.Искендеров, аким М.Айдаралиев баштаган, ошондой эле кээ бир бийликтин камчысын чапкан жетекчилер келип, 2016-жылдын 1-апрелинде дагы кезексиз сессия чакыртып, жабык эшик артында Кербен шаардык кеңеши № 22/1 сандуу  “Кербен шаарынын аймагынан радиорелейлик станция куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө  токтом кабыл алынган. Токтомдо Кербен шаарынын “Ителги” участогунан (Бозбу-Тоо 41 47 918С, 71 78548В, 1798 м. бийиктикте жайгашкан) жаңы радиорелейлик станция куруу үчүн, 3000м2  жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилген. Ал сессияга 21 депутат катышып, анын 17 си макулдугун берген. Бул сессия мыйзамсыз деп ойлом, себеби, жер аянтын ажыратып берүү боюнча маселе туруктуу комиссияда каралган эмес. Туруктуу комиссияда каралбаган маселени сессия карап, чечим кабыл алуусу өзү мыйзамсыз болуп жатпайбы! Кезексиз сессияны чакыртып, өткөрүүнүн да тартиби болот! “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” мыйзамдык нормативдик актыларда так көрсөтүлгөн. Бир аткаминер келсе эле кезексиз сессия өткөрө берсе боло береби? Мыйзамды сыйлоо кайда калды? Искендеров баштаган топ, 2 саат бою ар кандай нерселерди айтып, депутаттарга сөз берип, чечим кабыл алдырган. Мына ошол депутаттарга сөз берип, токтом кабыл алдырган Өкмөттүн өкүлү Искендеров бүгүн кызматта жок. Токтомдун жоопкерчилигин ким алат?

Эми өзүңүз ойлоп көрүңүз, жолу даяр, өтө ыңгайлуу бийик тоодо жайгашкан станция турса башка жака көчүрүп, ошондой эле 50 000 000 (элүү миллион) сом акча каражатын жумшоого эмне себеп болду, мен түшүнбөйм! Бийлик кантип элге коркпой калп айтып жатат? 2017-жылы “Аналоговый телевещание” өчүрүлөт!! Андан кийин “Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги” (СНГ) боюнча кол коюлган деп кутулат! Элге калп айтуунун да чеги болот! Станция кургусу келсе Унгар-Тоого курсун.

Өкмөт жалган деген “Протокол поручение” бүгүнкү күндө иштеп жатат. Минтранс  мыйзамсыз бюджеттен 8 000 000 (сегиз миллион) сом акча каражаты бөлдүрүп, жол курууда. Мыйзамсыз дегенимдин себеби, Кербен шаардык кеңеши жол курууга жер тилкесин ажыратып берген эмес. Ал боюнча жогорку бийлик да кат менен кайрылган эмес. “Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деп иш жүргүзүп жатат.

– Унгар-Тооду коргоо комитетин түздүңүздөр, учурда кандай иштер жүрүп жатат?

– Жогоруда айтып кетпедимби, Өкмөттүн 2015-жылдын 11-ноябрындагы  №18-177 кабыл алынган протоколу иш жүзүндө иштеп жатат. Ошондуктан “Унгар-Тоону коргоо” комитетин түзүп, мыйзамсыз иштерге чекит коюу болуп эсептелет. Тактап айтсам,  станция куруучу ЮУРС компаниясы Кербен шаардык кеңешинен станция курулуучу  3000м2 жер аянтын гана ажыратып алган, ал эми жол курууга уруксат берилген эмес да. А бирок, бүгүнкү күндө шаар куруу комиссиясынын чечими жок, Минтранс жана “Ош Аска” жардыруучу компаниясы мыйзамсыз колдорунда эч кандай уруксат жок Ителги тоосуна жол куруп жатат. Жогоруда айтылган мыйзамсыз иштерди көрүп туруп, анан комитет түзүү зарылдыгы келип чыкты.

Бүгүнкү күндө комитет элден кол чогултуп, 2016-жылдын 1-апрелинде Кербен шаардык кеңешинин № 22/1 сандуу “Кербен шаарынын аймагынан радиорелейлик станция куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө”  кабыл алынган токтомун  кайра чакыртып алуу боюнча шаардык кеңешке кайрылуу жолдогонбуз. Биздин кайрылуу туруктуу комиссияда каралып, сессияга сунуш кылынган. Жакын арада сессия болуп, шаардык кеңеш токтомун жокко чыгарат. Ошондой эле шаар тургундарынан кол чогултуп, аким М.Айдаралиев, Кербен шаарынын мэри А.Апсаматов жана Кербен ДЕП-12 начальнигине мыйзамсыз курулуп жаткан жолду токтотуу боюнча кайрылуу жолдонду.  Жыйынтыгы жакын арада чыгып калар деген үмүттө олтурабыз.

Кундуз Шайдиева, “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: