Согуштук аракеттер күчөп кеткендиктен улам бүгүн Бириккен Улуттар Уюму Сириядагы гуманитардык миссиясынын ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура билдирди.
Анын айтымында, августта гуманитардык жардамдын коштомо күзөтүнүн бири да өлкөнүн курчоого алынган райондоруна, анын ичинде Алеппого да жеткен эмес.
Мистура гуманитардык жардамдарды жеткирүү үчүн кайрадан 48 сааттык тыныгуу киргизүүгө чакырды. Ал тынчтыкка жетишүү үчүн АКШ менен Орусия көп аракет көрүүгө тийиш экенин белгиледи. Буга чейин орус бийлиги бир тараптуу негизде Алепподогу ок атууларды күнүнө үч саатка токтотууга даяр экенин билдирген. БУУдан шаардагы бардык муктаждарга жардам берүү үчүн Орусия сунуштаган үч сааттык тыныгуунун жетишсиз экенин белгилешкен. Кийинки жумада Сирияга гуманитардык жүктөрдү жеткирүү боюнча максаттуу топтун жолугушуусу болот.
БУУнун гуманитардык маселелер боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери Сирияга жүздөн ашык гуманитардык коштомо күзөт жөнөтүлгөн. Анда дээрлик 600 миң киши өлкөнүн курчалган райондорунда күн кечиришүүдө. Аларга тамак-аш жана дары-дармектерди жеткирүү кыйла оор болууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ