Menu

Өзбекстан Касан-Сайды Кыргызстанга кайтарып береби? Же Орто-Токой суу сактагычынын таржымалы кандай?

Бөлүшүү:

Орто-Токой суу сактагычы тууралуу буга чейин да далай сөздөр айтылган. Эми сөздөн ишке өтүү мезгили жетип келгенби, айтор Ала-Букада жаңжал чыкты. А-бу деген менен бул жаңжал жөн эле өттү-кетти   жаңжал эмес. Канткен күндө да бул суу сактагычка тиешелүү маселелерди тезинен чечпесе болбойт.

Маселен Жалал-Абад областынын аймагындагы Өзбекстан менен болгон чек ара тилкесинде өз ара такталбаган, дайыма талаш-тартыш жараткан 24 чек ара участкасы бар. Алардын ичинде эң маанилүүлөрүнүн бири – Орто-Токой (аны кошуна тараптагылар Касан-Сай дешет) суу сактагычы эсептелет. Бул объекттин таржымалы кыргыз жеринин кошуна өлкөгө адилетсиз өтүп кетишин толук кандуу далилдеп турат.

Кептин баары мында: Өзбекстанга караштуу болуп, ага кызмат кылып жаткан бул суу сактагыч толугу менен Кыргыз Республикасынын аймагында турат. Өкмөттөр аралык чек ара делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссия Жалал-Абад областындагы Ала-Бука району менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара сызыгын карап чыккан соң, аталган суу сактагыч Кыргызстандын аймагында, чек арадан 13 чакырым ичкериде орун алганы маалым болгон. Көрдүңүзбү, муну кошуналар да моюнга алышууда.

Кыргыз бийликтеринин аргументтерине таянсак, Россия Федерациясынын архивинен алынган материалдар бул суу сактагычтын мурда эле Кыргызстандын аймагында жайгашып келгенин ырастап турат.

Эл Комиссарлар Советинин жана ВКП (б) БКнын 1939-жылдын 22-декабрындагы “Өзбекстанда пахтачылыкты андан ары жогорулатуу жөнүндө” №295-токтому менен Өзбекстанга 1944-жылга карата Касан-Сай суусунун жээгине пайдалуу көлөмү 100 миллион кубометр болгон суу сактагыч курууну тапшырышкан.

Ушул токтомго ылайык эмгекчилер депутаттарынын Жалал-Абад областтык советинин аткаруу комитети 1941-жылдын 25-майында “Орто-Токой суу сактагычынын курулушуна байланыштуу Ала-Бука районунун Ленин атындагы колхозунун жеринен бөлүп берүү жөнүндө” №26-чечимин чыгарат жана суу сактагыч үчүн Ала-Бука районундагы Ленин атындагы колхоздун жеринен 639 гектар жер бөлүп берет. Ленин атындагы колхозун “Киробком” колхозуна көчүрөт. Ошол кезде бирдиктүү СССР мамлекети тургандыктан, кыргызстандыктар жогору жактын көрсөтмөсүн аткарууга мажбур болгон.

Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Совети 1941-жылдын 22-августунда “Өзбек ССРинин Орто-Токой суу сактагычына жер бөлүп берүү жөнүндө” №804-токтомун чыгарган жана Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Ленин атындагы колхозунун 639 гектар жерин, “Маданият” колхозунун 21 гектар жерин, баары болуп 660 гектар жерди суу сактагыч үчүн бөлүп берүү маселесин чечкен. Ленин атындагы колхоздун калган 919 гектар жери мамлекеттик жер фондусуна алынган, башкача айтканда, эл багып жаткан бир колхоз жоюлуп кеткен.

Суу сактагычтын курулушу 1941-жылы башталган, бирок 1942-45-жылдары дээрлик токтоп турган да, СССРдин Эл комиссарлар Советинин жана ВКП (б) БКнын 1945-жылдын 14-июлундагы токтомуна ылайык кайра ишин уланткан. Кийинчерээк курула турган суу сактагычтын пайдалуу көлөмүн 165 миллион кубометрге жеткирүү маселеси көтөрүлүп, кыргыз бийликтери буга да макул болушкан. Кыргыз ССРинин Министрлер Совети 1967-жылдын 1-ноябрындагы “Мамлекеттик жана коомдук зарылдыктарга байланыштуу жер бөлүп берүү жөнүндө” №585-токтому менен Жалал-Абад областынын Жаңы-Жол (азыркы Аксы) районунан 190 гектар жерди Өзбекстандын Ажиянын областынын чарбаларынын ошондой эле өлчөмдөгү жерине айырбаштоо шарты менен бөлүп берген. Өзбекстан кошуна турган Чуст районунун жерлеринен бул өлчөмдөгү жерди компенсациялаган.

Ошентип, Өзбекстан үчүн стратегиялык маанилүү ирригациялык обьект Кыргызстандын аймагына курулуп, бүгүнкү күнгө чейин кошуна мамлекеттин пайдасына иштетилип жатат. Ошол эле кезде Өзбекстан кошуналары менен болгон административдик чек араларын бир тараптуу бекитип алып, Кыргызстан менен болгон чек ара сызыгынан 13 чакырым ичкеридеги суу сактагычтын айланасына аскердик күзөт коюп салган. Тээ 1952-58-жылдары күзөттө турган 17 кишиге жана ал жерде иштеген 51 адиске, алардын үй-бүлөлөрүнө 17 турак үйлөрүн, 1 дүкөндү куруп да берген. Бул жерде азыр 44 үй-бүлө (241 киши) жашап турат, мектеп, балдар бакчасы бар, 50 кара мал, 200дөн ашуун майда жандык багылат.

Албетте, кыргыз бийликтери да аракет жасап келишти. Мисалы, КРнын Тышкы иштер министрлиги 2003-жылдын 23-майында өзбек тарапка Касан-Сай (Орто-Токой) суу сактагычын Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына өткөрүп берүү боюнча эки тараптуу комиссия түзүү сунушу менен нота жиберген. Өз кезегинде Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги буга макул эместигин билдирген. Өзбек тарап бул суу сактагыч Өзбекстандын колхозчуларынын күчү, колхоздорунун салымы менен курулганын, ошондуктан суу сактагычты кыргыз тарапка өткөрүп берүү мүмкүн эместигин тастыктаган. Ошондой эле өзбек тарап республикалар ортосунда мурда өткөрүлүп берилген жерлер боюнча компенсациялоо тууралуу келишимдер болбогондугун эске салат.

Кыргыз бийликтери Россиянын архивдеринен алынган документтер аркылуу бул суу сактагыч өзбек колхозчуларынын эсебинен эмес, бардык союздук республикалар үчүн жалпы эсептелген СССРдин мамлекеттик бюджетинин эсебинен курулганын далилдешүүдө. Андан тышкары, кыргыз тараптар Кыргыз жана Өзбек ССРлеринин Конституциялары боюнча эки республика да мамлекеттик атрибуттары бар суверендүү республика болушканын жана бир мамлекеттен башка мамлекетке жер өткөрүп берүүсү сөзсүз түрдө компенсацияланышын билдирип турганын эске салат. Башкача айтканда, суу сактагыч үчүн жер бөлүп берүү белек катарында эмес, курулуш үчүн убактылуу негизде өз ыктыярдуу көмөк көрсөтүү гана болгон.

Ушуга байланыштуу кыргызстандык тарап Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстандын юрисдикциясына өткөрүп алууну мыйзамдуу деп эсептейт. Тээ 2002-жылы эле КР чек ара маселелери боюнча комиссиясында ошол кездеги премьер-министрдин төрагалыгы менен Кыргызстандын аймагында курулган суу сактагычтан тапкан зыяндын ордун толтуруп алууга республиканын укуктуу экени чечилген. Деген менен, 660 гектар жердин 500 гектары сугат аянты, 30 гектары кайракы аянт, 130 гектары башка да айыл чарба жерлери болуп саналат. Ал эми суу сактагычтын айынан өткөрүлүп берилген жерлердин жалпы аянты 850 гектарды түзөт.

Андан тышкары, кыргыз бийликтери 1992-жылдын 9-октябрында түзүлгөн “Менчик  мамилелерин жөнгө салуу жана укуктарды өз ара таануу жөнүндө” эл аралык келишимге ылайык суу сактагычты иштеткен жылдар үчүн тийиштүү салыктарды жана башка да төлөмдөрдү кошуналардан өндүрүп алуу ниетинде болду. Андай болгон чакта салыктар жана башка төлөмдөр алынбай калган пайданын компенсациясынын ичине кирип кетет. Мисалы, Ала-Бука районунун салык кызматтары бир канча жыл мурун 660 гектар жердин 1992-2010-жылдар аралыгында алынбай калган салыктарынын көлөмү 12 миллион 445 миң 482 АКШ доллары экенин эсептеп чыгышкан. Анын ичинен каржы санкциялары 3 миллион 853 миң 333 АКШ доллары, пенясы 4 миллион 734 миң 162 АКШ доллары өлчөмүндө.

Ошондой эле суу сактагычтын аймагында жашаган өзбекстандык жарандар эгемен жылдар ичинде жер салыгын, жайыт салыгын төлөбөй келишкен, деген менен алар жерден, кыргыз жайыттарынан беймарал пайдаланып келишүүдө. Өткөн 19 жыл аралыгында алардын төлөбөй калган салыктарынын жалпы көлөмү 4 миң 731 АКШ долларына барабар болгон.

Ошентип, берилип кеткен 660 гектарды кайтарып алуу зарылдыгы келип чыккан. 2011-жылдын апрель айында Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясы Кыргыз өкмөтүнө кат жолдоп, Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстанга өткөрүп алуу маселесин чечүүнү суранган.

Тилекке каршы, Орто-Токой суу сактагычы кошуналар ортосундагы пикир келишпестикти жараткан жалгыз объект эмес. Кыргыз тараптар Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычы боюнча да маселе көтөрсө болот, себеби ал да өз кезегинде Өзбекстандын пайдасы үчүн Кыргызстандын аймагына курулган. Суу сактагычтын аймагы илгери узак мөөнөттүү ижарага берилген, анын мөөнөтү да капкачан өтүп кеткен. Эми же аймакты толугу менен кайра өткөрүп берүү керек, же бул объекттин кийинки тагдыры тууралуу кошуналарга маселе коюлушу ылаазым. Бул жерде да бөлүнүп берилген аймакка компенсация төлөө болгон эмес.

Ошол эле мезгилде чек ара көйгөйлөрү улам курчуп баратканын Баткен окуялары да көрсөтүп турат. Чек арадагы ар бир чечилбеген тилке эки мамлекеттин ортосундагы пикир келишпестикти, андан ары оор чыр-чатактарды жаратышы толук ыктымал.

Жалил САПАРОВ,

Жалал-Абад шаары.                

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: