Menu

Мелис Карыбек, атамбаевчил көзү ачык: “Долоно таржымалы же кийинки президент чын эле Сарбагыш уруусунан чыгабы?

Бөлүшүү:

Мелис иним “Сурат байке, сизге окшоп сакал коюп алдым, мага жарашабы?” дейт. А мен: “Сен сакалды жөн койгон жоксуң. Себеби бар окшойт. Андан көрө ошондон кеп башта” деп, маегибиз уланып кетти. Жөн уланбай, Мелистин 2-3 күн мурун айылдагы үйүнүн жанындагы долоно бактын түбүндө көлөкөдө эс алып атып, андан ары көзү илинип кетип түшүндө аян белги берилгенин кобурай отурду.

–Мелис, сага сакал жарашат экен. Качан койдуң, аз эле болгон окшойт, Себеби барбы?

–Сурат байке, сизге окшоп сакал коюп алдым. Ооба, анын да себеби бар. 3 күн мурун айылга баргам. Мындан бир канча жыл мурун агалар: “Мелис, биз сага жер караштырып койдук. Там салсаң да болот” дешти. Барсам, тоонун этеги, чычырканак, бадалдар басып кеткен. “Жаккан жок” дедим. Ошо күнү байкемдикинде калып, так ушундай жайдын саратаны эле. Таза абада катуу уктап кетипмин. Түшүмдө бирөө: “Ээу мусапырым, ушу жерди ал. Тээтиги жерге там саласың. Ылдыйкы таманынан мүрөктүн суусундай булак чыгат. Ал эми тээтиги долононун түбүндө мени менен сүйлөшүп турасың” деп аксакал кишинин үнү чыкты. Чоочуп ойгонуп кетсем түш экен. “Түндө бир кызык түш көрдүм, түшүмдө мүшкүл иш көрдүм. Бул түш аян болуп калды” деп, баягы жакпай аткан жерди айнып кайра алып алдым. Кызуулай там сала баштадым. Чындап эле ылдый жагында майда булактар бар экен. “Туй ата, там оор болуп калды. Алды суу экен. Кийин Пизан мунарасына окшоп, бир жагына кыйшайып, элге шерменде болбосом болду” деп атсам билермандар “суу алып өтө турган отвод жасаш керек” деп, анысын да жасатып атсам, 7 метр казганда “болп” этип булактын көзү ачылып кетти. Адистешкен гидротехник балдар татынакай кылып суу түтүктөрүн салып жасап беришкен. Ушу жайда тегерек чети баткак болуп кеткенден балдарды каздырып, “булактын көзүн дагы бир жолу тазалатып коеюн” деп атып, бир кызык кубулушка күбө болдук. Балдар башында жылаңайлак казып атып бир маалда “буттарыбыз какшап кетти” дешти. Тимеле мөлтүрөгөн суу. Идишке куюп ичип көрсөм муздактыгын айтпаңыз. “Өлгөн төөнүн көтөнүнө куйса тура каччудай”. Бир жутканда чыкыйды жарып кетти. Ал сууну жөн эле талаалатып бош койбой, 2 чакырым жерден суу ташып ичип атышкан кошуналарыма тарттырып бердим. Ошону менен бирге үйүмдүн ичинен суу чыгартып алдым. Жасаган жумушума рахаттанып, үйдүн алдындагы долононун көлөкөсүндө 2-3 күн жатып келдим.

–“Долоно” деп калдың, кыргыздар бу бакты “ыйык” деп коюшат, ушу чынбы?

–Эгер бактарды жана алардын өзүнө тиешелүү энергетикаларын талдап келсең, долоно кыргыз канча миң жыл мурун жер жүзүндө пайда болсо, долоно да ошончо жылдан бери жок болуп кетпей өнүп келаткан жергиликтүү бактардын катарына кирет. Энергетикасы, дарылыгы да күчтүү өсүмдүк. Алма-алмурут башка жерден көчүп келгени баарыбызга маалым. Кыргыз долонону кыйбайт. Аталаш байкем долонону кыйып салды эле жапжакшы, супсулуу, келишимдүү жеңем өлүп калган. Дагы бир бай, көпөс таанышым долонону кыйып, ордуна гараж салган. Балдары каза болуп калды. Долононун ыйык экенин ушундан эле билсе болот. Тирукмуштуудай маалыматтарды өзүнө камтыйт. Түбүндө медитация кылсаң, бүт маалыматтын баарын аласың.

–Акыркы жолу качан медитация кылдың, кандай маалымат алдың, “ким президент болот?” деп сурап көрдүңбү?

–Өткөндө “Мелис Карыбеков Сарбагыш уруусунан президент чыгат” деп айткан кеп эл арасына тарап кеткен. Мен эми Калыгул олуянын айткан сөзүн эле кайталагам. “Сарбагыштан кандык кетпейт, экөө катары чыкпайт, бири үзүлбөйт” дегенин. Тарыхта Калыгул олуянын айткан кебинин баары туура, дал чыкканын баарыбыз билебиз. Сарыбагыштан сөзсүз президент чыгат. Ал келечектин кеп уңгусу.

–Өзүң Сарыбагыш уруусунан эмессиңби?

–Кыпчакмын, тагыраак айтканда, Солто кыпчагымын.

–Текебаев келечекте президент болбойбу?

–Бийлик сересинде эгемендик алган жылдан бери эли-жери үчүн күйгөн, патриот, нагыз саясатчы атанган, кыргыздын эки уулу, экөөсүн бирдей эл жакшы көргөн Алмаз Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев агаларым келатат. Бул кашкайган чындык, факт. Калгандары чыкпады же экөө алдына чыгарбады. Мүмкүн лидерлик мүнөздү карманып, кызганып, алдына жаштарды кое беришпеди. Алмаз Атамбаев толук 5 жылда революциялык идеяны ишке ашырды. Эми ал башка кызмат ордуна кетиш керек.

–Ээ кокуй, эми ага кайсы кызмат?

–Кыргызда президенттен да өйдө турган, коом сүйгөн, эл ишенген “Журт атасы” деген кызмат орду бар. Журт атасына бир кезде Чынгыз Айтматов ылайыктуу болгон. Бирок, ал чыгармачыл адам болгондуктан саясатты тереңден түшүнгөн эмес. Дооронбек Садырбаевдин духу, пейили дагы журт атасына жакын эле. А кишиге да буюрбай калды. Атамбаев “президенттикке да, премьерликке да барбайм” деп айтып эле келатат. Эми бул адам өзү айткандай, мындан ары таза кетиш керек. Ошондо гана кыргыздын журт аталыгына баруу жагына татыктуу бирден-бир биринчи адам болуп калат. 2-3 жыл аралыгында коомчулукта кадыр-баркы азыркыдан да көтөрүлөт. Кийинки бийликке, президентке айта турган өтүмдүү сөзү болот. Кыргыз мамлекеттүүлүгүндө Акаевдин туура эмес жасаган иштерин, анын ичинде ага-тууган, жек-жаатын ашкере бийликке аралыштырганын тизгиндеп, “кой, андай кылба, мындай кыл, тигини кылбай, муну кыл” деп айта турган Журт атасы болбогондуктан жалпы эл нааразы болуп, акыр аягы эмне болгонун баарыбыз билебиз. Ошондой тагдырды кийинки президент Бакиев да башынан кечирди. Эгер азыркы президент мындан ары да бийликке чырмалыша берип, сырттан майда-чүйдөгө кийлигише турган болсо, анда кадыры төмөн түшүп, элдин сынынан чыгып, жаманатты сөз артынан ээрчип баркын кетирип алат. Жараксыз болот дегеним.

–2017-жылы өлкөгө президент ким болорун айтпай атасың?

–Айтам, азыр. Ага чейин бир нерсени логикалык ой жүгүртүү менен толуктап коеюн. Өмүрбек Текебаев кыргыз саясатынын патриархы экенин эч ким талаша албайт жана эч кимде күмөн туудурбайт. Бул жөнүндө “Фабула” гезитине айтканымды чыгартпай коюшкан. Зарыл Ырсалиев менен мамилелери бар үчүнбү, аны билбейм. Эгер Атамбаев Текебаевге талаш-тартышы жок эле президенттикти өткөрүп берип койсо революциялык идеяны иш жүзүнө ашырып жүрө берет. Буга да эч кимибиз күмөн санабайбыз. Ошондой эле саясатты улантат. Бирок, эки агабыз ошого келише алабы, келише албайбы, маселе ушунда. Текебаев президент болуш керек же Атамбаев менен Текебаев биригип бир адамды алып чыгыш керек.  Демек, сөзүмдү тыянактайын, 1-маселе, Текебаев президент болот. 2-маселе, Атамбаев менен Текебаев биригип бир адамды алып чыгат. Анда Атамбаев Журт атасы, Текебаев кыргыз саясатынын патриархы деген наамга арзышат. 3-жолубуз адашуу, атандашуу, керек болсо чоң чыр-чатакка айланат.

–А Атамбаев СДПКдан мураскер алып чыкпайбы?

–Мен да ал партиянын мүчөсүмүн. Тилекке каршы, арабызда бир да президенттикке татыктуу адам жок, мамлекетти алдыга алып кете ала турган саясатчыны көрө албай турам. Партиялаштарым бул айткан сөзүмө терикпесин, чынында эле ошондой, таарынышпасын, мен андай адамды таппай турам. Ал эми Атамбаев бул жөнүндө кандай план чийип атканын билбейм. Мүмкүн Асылбек Жээнбековду даярдап аткандыр…

–Меке, бул эми саясатчы катары акылың менен пештеп, өзүң айткандай логикалык ой жүгүртүүңдүн маңызында 2017-жылкы президенттин тагдырына саресеп кылдың. А жүрөгүң эмне деп атат? Долононун алдында медитация кезинде колдоочуларың президенттин ким болорун айткандыр?

–Ооба, туура айтасыз. Кайыптын кабарчысы катары ким президент болорун билем. Бирок, азырынча катылуу сыр болуп турсун. Биринчиден, президент боло турган адамдын өзүнүн кулагына шыбырайм жана аны менен жашыруун түрдө келишим түзөм.

–Ал эмне деген келишим, бу жагы коммерция болуп кеткен жокпу?

–Ооба коммерция. Эски чокоюн тактынын башына илип коюу тууралуу коммерция! Тактап айтканда, моралдык өңүттө…

–Аның Сарбагыш эмеспи?

–Баарын эле бир күндө билип алгыңыз келет. “Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт” болбойлу…

(Уландысы кийинки санда)     

Сурат Жылкычиев     

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: