Атамбаевдик режимден куугунтук жеп, Кыргызстандан чыгып эмиграцияга кетип, чет өлкөдөн башпаанек издеген оппозициячыл журналист Адилет Айтикеев аны табалап жатышкан атамбаевчилдерге жооп жазды:
“Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт.” Менин өлүмүмдү, жок болуп кетишимди тилеген комменттерди окуп жатам. Кудай баарыңарга мээрим берсин. Мен коррупционер эмесмин, бийликке кошомат кылып мамлекеттин энчисине кол салганым жок. Бир гана тилегим бар. Мамлекет өнүксүн деген.
Менин апам кайгыргандай, менин энем ыйлагандай эч кимдин энеси ыйлабасын. Менин жүрөгүм ооругандай эч кимдин жүрөгү оорубасын. Менин үй-бүлөмө келген коркунуч эч кимдин башына келбесин. Мен көргөн азапты эч ким көрбөсүн.
Мендеги жагдай боюнча жетиштүү далилдер, материалдар бар. Ал тууралуу убагы келгенде кенен айтып берем. Азырынча мени тилдеп жаткан адамдарга Атамбаев жана ал куруп жаткан система жакса, анда колтукташып башкара бергиле.
А мен мамлекеттин башына мыкты башкаруу системасын кура турган, чыныгы демократ, жаратман, акылдуу инсандар келе турган күн алыс эмес экенине ишенем.
Баарыңарга амандык тилейм!”
Адилет Айтикеев, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ