Menu

Сѳз эркиндигин коргоо комитети журналист Дайырбек Орунбековдун жеке жашоосун аңдып, Конституцияны жана мыйзамдарды одоно бузган орган кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын баш

прокурору Индира Жолдубаевага

Кыргыз Республикасынын ички иштер

министри Кашкар Жунушалиевге,

Улуттук коопсуздук комитетинин 

тѳрагасы Абдил Сегизбаевге

Кыргызстандын коомчулугуна

Сѳз эркиндигин коргоо комитетинен

Кайрылуу

Бишкек, 2016-жылдын 22-августу

Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир жарандын эркиндигин жана жеке турмушунун кол тийбестигин кепилдеп, ар бир адамдын өзүнүн макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу жашыруун маалымат жыйноого, сактоого жана пайдаланууга тыюу салат. Ошондуктан мамлекеттик органдар менен алардын кызматкерлери тарабынан жарандардын жеке турмушуна ѳзүм билемдик менен кийлигүүшүгѳ, каалаган учурунда алардын тынчын алууга, артынан жашыруун аңдууга жол берилбейт.

Ошондуктан, Конституцияны жана мыйзамдарды одоно бузуп, журналист Дайырбек Орунбековдун жеке жашоосуна укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан ѳзүм билемдик менен негизсиз кийлигишкени боюнча Сѳз эркиндигин коргоо комитети терең нааразы каршылыгын билдирет.

Кыргыз Республикасынын «Изин суутпай издөө иштери жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинде изин суутпай издөө ишитерин жүзөгө ашыруу органдары жана кызмат адамдары изин суутпай издөө иштерин жүргүзүүдө кайсы болбосун жарандын жеке жашоосунун же турак жайынын кол тийбестигинин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү, изин суутпай издөө иштерин мыйзамда каралбаган максаттарды көздөө менен жетишүү же андай милдеттерди аткарууга жол берилбейт деп бекитилген. Андай иш-аракеттер кайсы бир жаран кылмыштан шектелип, белгилүү бир кылмыш аракеттерине байланыштуу болгондо гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

Ушуга байланыштуу, укук коргоо органдарынын кызматкерлери эмне себептен жана кандай максатта Дайырбек Орунбековду жана анын үй-бүлѳсүн байкоого алып жаткандыгы тууралуу орундуу суроо жаралат. Журналистке карата козголгон кылмыш иши боюнча ал мыйзамда каралган талаптарды тийиштүү түрдѳ аткарып, тартип коргоо жана сот органдарынын ар бир чакыруусунда белгиленген убакта аларга барып, жашырынууга же качууга эч кандай аракеттерди кѳргѳн эмес.

Ошондуктан, ага карата колдонулуп жаткан тартип коргоо органдарынын жашыруун байкоо ыкмалары жана ушул сыяктуу башка аракеттери мыйзамсыз жана негизсиз. Жогоруда кѳрсѳтүлгѳн жүйѳѳлѳрдүн негизинде Сѳз эркиндигин коргоо комитети – Дайырбек Орунбековго карата жүргүзүлүп жаткан тартип коргоо органдырынын мыйзамсыз иш-аракеттерин токтотууну талап кылат.

Андан тышкары, Комитет – жашыруун аңдууга алып, журналисттин үйүнѳ түн жарымда кирип барган тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин үстүнѳн жазылган Дайырбек Орунбековдун арызын дароо жана объективдүү карап чыгышын, аны менен катар – андай аракеттердин жыйынтыгында журналист тууралуу чогултулган маалыматтар менен анын өзүн таанышытурууну комитет ѳтүнѳт.

Сѳз эркиндигин коргоо комитети – мыйзам бузган укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жарандын макулдугусуз анын жеке же үй-бүлөлүк сырын камтыган жеке турмушу жөнүндөгү маалыматтарды мыйзамсыз түрдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу чогулткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 135-беренесинин 2-бѳлүгү боюнча ал кызматкерлерди кылмыш жоопкерчилигие тартууну талап кылат.

Сөз эркиндигин коргоо комитети

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: