Кечээ, 22-августта Аксыдагы Унгар-Тоого басып кирген Өзбекстан тараптын талабы менен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук соту кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп 13-августта колго түшкөн Өзбекстан Ички иштер министрлигинин кызматкери А. Тожибаевге айып пул салып, абактан бошотуп, өзбек тарапка өткөрүп берди.
Өзбек тараптын экинчи талабы – Кыргызстандын Орто-Токой суу сактагычына быйыл коюлган кыргыз милиция постторун алып салуу аткарыла элек.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 22-августта Өзбекстан Кыргызстандын Унгар-Тоосундагы телемунара жана ретранслятор жайгашкан аймакка Өзбек ИИМине караштуу 7 куралчан аскерди вертолет менен десант катары түшүрүшкөн. Алар “13-августта чек араны бузуп кармалган өзбек милиционерин бошотуп бересиңер жана өзбек тарап суусун пайдаланып жаткан Орто-Токой суу сактагычындагы кыргыз милиция постторун алып саласыңар, ошондо гана Унгар-Тоодон чыгып кетебиз” деп шарт койгон.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ