Menu

Арменияда орус аскери өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Арменияда орус аскери Валерий Пермяков жети адамдан турган үй-бүлөнүн өлүмүнө айыптуу деп өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилди.

Гюмри шаарындагы кандуу окуяга байланыштуу Армения Пермяковду “массалык адам өлтүрүү” беренеси боюнча соттоду.

Ал эми Гюмридеги аскерий базанын орусиялык гарнизондук соту аны былтыр август айында “аскерден качуу, курал-жаракты уурдоо жана мыйзамсыз алып жүрүү” деген беренелердин негизинде 10 жылга эркинен ажыратууну чечкен.

Аветисяндардын үй-бүлөсү, анын ичинде эки наристеси былтыр январь айында өлтүрүлгөн. Орус аскери күнөөсүн толугу бойдон моюнуна алган. Бирок эмне себептен мындайга барганы белгисиз.

Айрым маалымат булактары жазганына караганда, ал психикалык жактан жабыркаган болушу ыктымал.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: