Menu

Качкын Булатов, укук коргоочу: “Ажылык сапар же ажылардын айланасындагы муфтияттын оюндары”

Бөлүшүү:

СССР империясы тарап, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери элдин динге карата көз карашы өзгөрүлдү. Салттуу ислам динин өзөктүү эл буга чейин көмүскөдө тутунуп келсе, эми демократиянын шарданы менен дин тутууга кеңири жол ачылып, шарияттын ибадаттарын аткарууга толук мүмкүнчүлүк түзүлдү. Исламдагы негизги парыздардын бири болгон ажылык сапар түздөн түз Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын жетекчилигинде жүргүзүлө баштады, анткени, адеп башта Алланын жолунда жүргөн адамдар Кудайдан коркуп уурулукка барбайт деп ишеним бар болчу. Тилекке каршы, андай эмес экен. Эмесе, кеп башынан болсун. 1997-жылга чейин КМДБ ажылык сапарды ажылыкка баруучулардан акча каражатын чогултпай эле уюштуруп жүрдү. Себеби, ал кез диний башкармалыктын кызматкерлеринин акчага “аппетиттери” ачылбай, жүрөктөрүндө ыйман жашап турган мезгили болгон шекилдүү. Ажылык сапарга аттангандар өз каражаттарын өздөрүнө жумшап, автоунаа же учак мененби, айтор, ажылык милдеттерин эч кандай талаш- тартышсыз эле аткарып келишкен. Бирок, бул көрүнүш көпкө созулган жок. КМДБнын жетекчилиги 1998-жылдан тартып ажылардан жол киреден, визадан жана башка чыгымдардан тышкары ажылардын документтерин даярдагандыгы жана Мекке, Медина шаарларындагы КМДБнын кызматтары үчүн деп 5 доллардан ала башташкан. Ошол убакта эле бир жылда 4000 адам ажылыкка барып келчү, эгерде 4000 адамдын ар биринен 5 доллардан алса, демек, 20 000 доллар 1998-жылдагы ажылык сапарынан өндүрүлгөн. Бекер акчанын дамын татыган КМДБнын жетекчилиги 2000-жылдан тартып ар бир ажыдан 10 доллардан алууну чечишет. Оозунда Алласы болсо да, Аллага жакпаган жосунга өтүп, соопчулукту унутуп, кылган кызматын колко кылып 2004-жылга чейин 10 доллардан алып турушат. Эгерде болжолдуу түрдө жыл сайын 4 500 адам ажылык сапарга барса, анда бир жылда 45 000 каражат чогултулат. Ал эми барган сайын напсисин агыткан муфтият жетекчилигине 2005-2006-жылдары ажылыкка барууну каалагандардан алган 10 доллар аз болуп, бул сумманы 20 долларга жогорулатышкан (5000 адамдан х 20 доллардан = жыл сайын 100 000 доллар чогултулган). 2007-жылдан 2009- жылга чейин 20 доллардын үстүнө 15 доллар кошуп, ар бир ажыдан 35 доллар алып турушкан (5000 адамдан х 35 доллар = жыл сайын 175 000 доллар). 2010-жылы бул сумма 50 долларга өскөн (5000 адамдан х 50 доллардан = 250 000 доллар). 2011-жылы ажылык сапардан 160 доллардан алышат (5 000 адамдан х160 доллар = топтолгон каражат 800 000 доллар). 2012-2014-жылдары КМДБнын буга чейинки алган акчалары аз көрүнүп, напсисине ээлик кыла албай, ар бир ажыдан 400 доллардан ала баштайт (4500 адамдан х 400 доллардан = жыл сайын 1 800 000 доллар). 2014-жылы Меке шаарында башталган курулушка байланыштуу ажылык сапарга баргандардын саны азайтылган, муфтиятка ажылар 400 доллардан беришкен. (3 600 адамдан х 400 доллардан алынса = 1 440 000 доллар чогултулган). 2015-жылы Кыргызстанга берилген 3 600 квотадан сырткары кошумча дагы 500 квота берилгендин чучулаксыз акча жасап алышкан, жалпы бул жылы 4 100 адам ажылык милдетин аткарып келген. Ажылардын көптөгөн нааразычылыктарынан кийин муфтиятка бөлүнгөн каражат 50 долларга азайтылып, 350 доллар болгон. (4 100 адамдан х 350 доллардан = 1 435 000 доллар топтолгон). Албетте, ажылыкка сапарга барган кыргызстандыктардан түшкөн акчаларды Кыргызстан Мусулмандар Диний башкармалыгы кайсыл жакка жумшагандыгы тууралуу суроо кимдин болбосун бүйүрүн кызытпай койбойт. Көрсө, бул акчалар муфтияттын жана башка диний кызматкерлердин айлык акыларына чегерилген экен. Бул фактынын негизинде 2011-2012-жылдары КМДБнын жетекчиси, муфтий Чубак Жалилов мамлекетик салык органдары тарабынан бардыгы 52 000 000 сом тууму менен кошо, киреше салыгы социалдык фондго төлөнгөн эмес деген статья аркылуу сотко берилген, соттук териштирүү иштери үч жылга жакын созулуп, Жогорку Кеңештин кийлигишүүсү менен араң токтогон. Мындан башка дагы муфтиятын бардык каржы маселелери (автоунаалар, командировка, күйүүчү май жана башка чыгымдары) дал ушул ажылык сапарга жөнөтүүдөн түшкөн акчадан бөлүнөт. Айта кете турган нерсе ажылык сапарга бара тургандар муфтиятка акчаны өз ыктыяры менен берүүгө тийиш. Бирок, ажыга баруучуларлардын көбү нааразы, аларды бул акчаны төлөөгө мажбурлаша тургандыгы айтылып жүрөт. Мусулманчылыктын ыйык парызы катары саналган ажылыкты эңсеген карапайым эл, карыган аталар, апалар пенсияларын жылдап чогултуп, ак эмгеги менен маңдай терисин төгүп, адалдан тапкан акча каражаттарын коротуп, көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, ажылык сапарга барышат. Ал эми молдокелердин бул шарттан пайдаланып, ажылык сапардан түшкөн акча каражаттарды ар кандай жолдор менен өз капчыктарына толтуурунун аракетинде болушканы жанды кейитет. Ажылыктын учурундагы жылдан жылга созулган түгөнбөгөн ызы-чуулар молдокелердин напсисинин өсүп, кылган кызматтарынын баасын жогорулатышынан улам пайда болуп, нааразычылыктарды жаратууда. Молдокелер ажылык сапарга барууну каалаган карапайым адамдардын эсебинен акча жасап, тиричилик кылышканы аз келгенсип, ыйык ажылыкты ар кандай ыпылас чуулгандарга аралаштырып, коррупциянын ордосуна айландырды. Тагыраагы, пенсияларын чогултуп ажыга барган аталардын, апалардын акчасынын эсебинен жыл сайын ажыга баруунун жолдорун ойлоп таап алышкан молдолорго кошулуп мамлекетик чиновниктер, депутаттар жана андан башкалары ортодон 160 адамды бекер ажылыкка жөнөтүүнү көнүмүш адатка айландырып алышкан. “Ажылыкты” кесип кылып, пенсионерлердин эсебинен жыл сайын ажыга баргандардын бири БТКнын төрагасы А.Араев өзүнөн башка Мекеге барганга адам калбай калгансып, эч кимди көзүнө илбей, жалгыз өзү он сегиз жолу ажылыкка барган. Ар жылы ажыга баруучулардын сап башында Муктар ажы турат. Бул молдоке да бир жылы штаб менен кошулуп сапарга барса, экинчи жылы ажы башчы болуп, айтор, жылына ар кандай шылтоо менен ажылыкка барат. Ал гана эмес азыркы Муфтий Максат ажы келери менен ич күптүлүгүнүн айынан иштен алып салган Маматов Шакир ажынын ордуна казылыкка Маджитов Садирдин ажыны сунуштап, анын казы болуусуна да Муктардын “салымы” чоң. Ошол себептен Бишкектен бара турган ажы башчыларды тандоодо Муктардын таасири күчтүү. Башкасын коюп быйылкы ажы башчыларын эле карай турган болсок, мына ушул топтун же “дааватчылардын” ишенген “аалымдары” баары шыр эле ажы башчылыкка өтүп кетти. Мисалы, Кабыл (Макбул), Расул, Юсуф, Сүйүн, Алманбет, Орозмамат ж.б.у.с. Айтымда, мындан сырткары жыл сайын “дааватчылардан” атайын топ түзгөнгө аракет кылышат. Андай топту 2014-жылы Кабыл, 2015-жылы Муктар баштап барган. Быйылкы жылы андай топ түзө албай калышты. Бирок, алардын планында быйыл да топ түзүлүп, аны кайра эле Кабыл баштап бармак. Алардын бул максатына Бишкектен тандалып алынган ажы башчылардын “крышаларынын” кыйын болгондугу тоскоол болуп, эч бири Кабыл менен алмашпай коюшту – дешет. Максат ажы бир маегинде муфтияттан алган 27 000 сом айлык маянам менен гана жашаймын деп айтканы бар. Албетте, бул анын муфтияттан алган нак гана айлыгы. Мындан сырткары, ат тезегин кургатпай чет өлкөгө, кээде өлкө ичине иш сапарларына чыгып турат. Чет өлкөгө чыккандагы бир күндүк командировкасы эле 150 доллардан өйдө эсептелет. Бул каражаттардын баары анын өз чөнтөгүнө түшөт. Мындан сырткары, ар кайсыл элчиликтерден ай сайын жүздөгөн доллардан “устукан” же болбосо “үлүшүн” алып турат.

Барган сайын арааны ачылып, акчага алымсынбаган муфтий мырза муфтияттын каржылык жагын карт карышкыр Жеңишбек Бекиев деген досуна “энчилеп” берген. Анын соттолгондугу тууралуу документи бар экендигине карабастан, дагы деле муфтияттын башкы бухгалтери кызматын аркалап жүргөндүгүндө чоң мандем бар. Болбосо, казы же казынын орун басарлыгына жыл сайын жарыяланган вакансиянын талабында соттолбогондугу тууралуу справка тууралуу да камтылган. Демек, соттолгон адам ал жерде иштегенге укугу жок болчу. Ал гана эмес ажы башчылыкка талапкерлерден да ошондой справка талап кылынат. Кокус, талапкерлердин бирөөсү эле справка алып келе албаса, сынактан өтпөйт. Ал эми башкы бухгалтердин андай справкасы жок болсо дагы, жоопкерчиликтүү, анан калса май көл, сүт көл орунду “такыба” досунун жардамы менен ээлеп олтургандыгы айтпаса да түшүнүктүү. Ажыларды жеткирүү жана алып келүү боюнча авиакомпания менен келишим Муфтийдин жеке катышуусу менен түзүлөт. Авиакомпаниялардын иштөө тартиби менен жакшы тааныштыгы барлар билгендей эле кандай гана авиакомпания болбосун, тендерге катышкан учурда тендерди өткөрүп жаткан тараптын жетекчилиги менен жекеме жеке сүйлөшүп, баланча бонустук орун беребиз деп айтышат. Эгерде Кыргызстандан 3500 адам ажылык сапарга бара турган болсо, жок эле дегенде анын 500ү бонустук орун катары бекер берилет. Бул 500 адам учак үчүн эч кандай акы төлөнбөйт дегенди билдирет. Булардын акчасы дагы түз эле “такыба” муфтий менен “мээнеткеч” бухгалтердин чөнтөгүнө түшөрүндө эч кимдин шеги жок экендигине толук ишенем. Баарынан кызыгы ажылык сапарды уюштуруудагы коррупцияны билип туруп, бир дагы муфтий тазалануунуга аракет кылган жок. Кыргызстан эгемендүү болгондон бери кайсы Муфтий кызматка келбесин, “ичти-жеди” дегендин үстүндө гана болуп келе жатканы бардыгыбызга маалым. Ажылык боюнча дагы бир коррупциялык иш – бул ажы башчыларды тандоо. Бул “өнөктүктөн” дагы бир нече кызыкдар жактар бир топ эле акча өөнөп калаары шексиз. Мисалы, ар бир ажы башчы өзүнүн группасындагы элүү кишиден 50 доллардан алышат (50х50=2 500). Башкасын коюп быйылкы жылды эле карайлы, ажы башчылыкка тапшыргандардын да “крышасы” барлары гана өтүп, “крышасы” жоктор өтпөй калды. Башкалар канча жылдан бери дин тармагында иштеп, сабак берип жүргөндөр табышмактуу себептен улам өтө албай калышкан. Алардын ордуна жада калса документтерди толтура албаган же араб тилин сүйлөмөк ары турсун, дурустап жөндөмдүү окуй албай турган “эргулдар” ажы болуп кетишти. Быйылкы ажы башчылардын көпчүлүгү дааватчылардан түзүлүп калганы да кызык. Өз кезегинде муфтияттын ичинде да бир топ эле башаламандык бар. Ажылык бөлүмүндө канча жылдан бери иштеп дасыккан Хамидулланы алып, ордуна ушул убакка чейин даават бөлүмүндө иштеп, Равшан ажынын “ак батасын” алган Жолдошбекти бөлүм башчы кылып коюшту. Бул жерде адистик маанилүүбү же дааватчы болуу жогору турабы, аны окурман өзү талдасын. Качантан бери наиб муфтий болуп, жакында гана фатва бөлүмүн жетектеп калган Равшан ажы көбүнчө иш ордунда отурбайт. Эл бат-баттан фатва сурап келишет. Бирок, ошондой орунга отурган Равшан ажы тез-тез эле көбүнчө түштүк тарапка командировкага кетип калат. Анан да ажылык “адиси” эмес болсо дагы, жыл сайын ажыга барчулардын башында турат. Кебетеси, ажылыктан келгенче фатва сурап кайрылган жарандар күтүп, зарыгып турушу керек окшобойбу? Кокус ажырашуу боюнча фатва сурап келгени болсочу? Алардын маселеси кандай болот? Ошол эле бөлүмдө иштеген дааватчылардын “чоң аалымы” Жигитали өз ордуна отурбай, көбүнчө Көлмө медресесинде сабак берип жүрөт. Мындай оркойгон маселелерди Азирети Муфтий билбейт деле болуш керек. Эзелки кыргыздарда “адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” деген ылакап бекер жеринен айтылбагандай. Мусулмандарды адал жолго, ыйманга үндөгөндүн ордуна, “балык башынан сасыйт” деп, муфтияттын мусулманчылыктагы бирден бир ыйык парызды өтөөнү бизнеске айландырып, кызыл кулактык жолго түшүп, Кудайга жакпаган ишти жасап, атайын арам амалдар менен момун мусулмандардын капчыктарына кол салганы Аллага жагабы? Бул коомчулук тарабынан кандай кабыл алынат жана мамлекеттин мыйзамына туура келеби? Же болбосо, Муфтият элдин ырыскысын жеген, бир ууч ажы деген атка жамынгандар үчүн түзүлгөнбү? Мындай жат көрүнүш көп жылдар бою айтылып келе жатканы менен аягы тыйылган жок. Алла деп дамбал көйнөк кийинип, сакалды коё берип, тышкы кейипти түспөлдөп алып, ал эми ички дүйнөнү арамдыкка жуурулганы коомчулукту иренжитпей койбойт. Анан эле карапайым адамдардын эсебинен жан сактаган Муфтийди көрүп, кантип биздин бийлик уурулук жолго түшпөсүн? Мусулман динине көө жапкан ажылар көбөйүп кетти, айрымдардын уурулукка барыш үчүн ажы башчы болууга жанталашканы курусун. Эмне үчүн кой терисин жамынган карышкыр кейиптенген бул шылуундар Кудайдан коркпойт? Алланын ыраазычылыгы, соопчулук деген түшүнүктөр булардын аң-сезимдеринде жашайбы? Же болбосо булар Алланын атын жамынып, Аллага толук ишенбеген инсандар. Эгерде Ажылык сапардан чогулган акча каражаттары Муфтияттын өнүгүүсүнө каржыланса, анда кеп башка эле. Муфтиятка тиешелүү акчадан “Куран” окутам”, “карызга берилди” деп жеке чөнтөктөрүнө ыйгарып койгон учурлар кездешет, ар кайсы динге тиешеси жок “долбоорлорго бердик” деп коюшуп, акыры кумга сиңген суудай жок болуп калат. Ошондуктан, Максат ажы Муфтий болгондон бери ревизия жүргүзүлө элек. Ал чогулган акчалардын кайда жумшалып жатканын коомчулукка ачык-айкын билдирүүсү абзел. Муфтийликке садагадан, соопчулуктан, ажылыктан, арендадан түшкөн акчалар Максат ажы, башкы эсепчи Бекиев Жениш, кассир Момунов Султан, аппарат башчысы Алимбай Эргешев “жеп”, байысын деп берилген эмес. Түшкөн акчаларга улама кеңештер эмне үчүн көзөмөл жүргүзбөйт? Деги ички жан дүйнөсү илим, билим менен сугарылган, аң-сезими жогорку, жан дили таза, эң башкысы ыймандуу ажыларга качан жетебиз? Ак үй менен келишип алып, карыган пенсионерлердин акчасын жегенге умтулган ажылардан качан кутулабыз? Гезиттин келерки санында таксист Эргешовдун кантип байып, кан сарай тамдарды салып, тигүү цехтерин иштеткендиги тууралуу кеп кылабыз.

Укук коргоочу Качкынбек Булатов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: