Menu

Жыргалбек Шамыралиев, Токмок мэри: “Токмокто “Граф” менен Канат Исаевди колдошот”

Бөлүшүү:

Бийликке жаңы муундун толкуну менен келе жаткандардын бири Жыргалбек Шамыралиев. Каарманыбыз болгону 30 жашта. 26 жашынан килейген калаага вице-мэр болуп келсе, жакындан тарта алдына келген ооматын татыктуу кармай билип, Сары-Өзөндүн борборундагы түйшүктү тартууга белсенген чагы. Каарманымда саясый, ораторлук сапат жетишпесе дагы, чарбаны, эсеп-кысапты ийнине жеткире аткараары кубандырды. А биз бийликке аралашкан жаңы муундагы тең-чамалаштарыбызды колдоп турган кербезибиз…

–Жыргалбек мырза, 30 жаштагы жаш жетекчини өлкөбүздүн бирден-бир чоң шаары кандай көйгөйлөрү менен күтүп алды?

–Токмок шаарынын көйгөйлөрү абдан көп. Эң негизги көйгөйлөр катары чарба тармагындагы маселелерди айтаар элем. Шаардагы тазалык маселесинин тыңгылыктуу жолго коюлбагандыгы, элдин да шаардын тазалыгы үчүн кайдыгер мамилеси, мекеме-ишканалардын бу жааттагы аракеттери, калаадагы коммуналдык кызматтын оор абалда экендиги, бюджеттик мекемелердин карыздары, айтор, көйгөйлөрдү четинен тизмектеп, санай берсең четтен саналат. Социалдык багыттагы маселен, оорукана болобу, мейли шаардын бала-бакчалары болобу бул тармактарыбыз деле жыргаган абалда эмес. Шаардын ичиндеги ички каттамдарды камсыз кылчу иренжиткен ички жолдор, жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөө, жол чырак маселесинен, базарлардын айланасындагы баш-аламан соода-сатык иштеринен көйгөйлөр жок эмес. Алдыда ушул сындуу көйгөйлөрдү чечүү маселеси турат. Менин калаа жетекчилигине келгениме туура 2 ай болду. Алдыда жогоруда атаган иштерди тез арада чечүү үчүн бел чечпей иштөө планы турат. Анын баарын аракетибизге жараша аткарабыз деп ойлойм.

–Тогуз жолдун тоомундагы Токмок шаарында өлкөбүздөгү эң ири мал базар бар эмеспи. Андагы кардарларды тейлөө менен ички шарттардын абалы көпчүлүктүн көңүлүнө толбойт. Базардагы чалды-куйду абалды жөнгө салуу үчүн кандайдыр бир алдыңарда план барбы?

–Албетте, биздин негизги иш-аракеттерибиздин бири элге татыктуу шарттарды түзүү болуп эсептелет. Биздин Токмок шаарыбызда өлкөбүздөгү негизги мал базар жайгашкандыктан, мындагы санитардык абалга өзгөчө көңүл бура баштадык. Буга дейре деле базардын тегерегиндеги көптөгөн көйгөйлүү маселелер көтөрүлгөн. Мал базардын ээси менен да андагы тыңгылыктуу шарттардын жоктугу тууралуу сүйлөштүк. Чечилбеген түйүндүү маселе барып эле каражатка такалат да. “Токмоктогу мал базарга шумдуктуудай акча түшүп жатат” деп айтып калышат го? Бул боюнча биз деле тийиштүү эсеп-кысап жүргүзүп көрдүк. Албетте, колундагы ресурстту колдоно албай жаткандыгы да бар. Биз жакында шаарыбыздагы жаш ишкерлер ассоциациясын түзүп, жакшы бизнес-план, проекттилерди түзүп, аларды ишкерлерибиз менен бирге ишке ашыруу маселесин жүргүзүп жатабыз. Анын бири катары калаабыздагы ири мал базарды кайра өздөштүрүп, жаңы ыкмалар менен тейлөө, кардарларга сапаттуу шарттарды түзүү боюнча иш-аракеттер башталды. Мындай саамалыгыбызга мал базардын ээси да кызыгып, өзү баш болуп бир нукта иш жүргүзүүгө кызыкдар болуп жатат. Ушул эле мал базар баштаган биздин Токмоктогу ишканалардын көпчүлүгү жеке менчикте. Менчик болгон соң анын ээлери менен да келечекте бирдиктүү иштөө, баа саясатын туура аныктоо иштерин көтөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз менчик ээлерин колдоп, аларга шарт түзүү боюнча жакшы саамалыктарыбызды баштадык. Айрыкча, сырттан келген ири ишкерлерди, инвесторлорду биздин шаарга тартып, аларга тыңгылыктуу шарт түзүп берүү планыбызда бар. Буюрса, бул жааттагы баштаган ишибиз акырындан жыла баштады. Эки айдын ичинде Токмок шаарына инвестиция тартууга аракет кылуу максатында 4 ири делегацияны күтүп алдык.

–Быйыл Токмок шаардык кеңеши менен мэр шайлоо бүйүр кызыткан жагдайда уланды го? Саясый тар чөйрөдө айтылган Токмок шаар бийлиги үчүн болгон күрөштө бул өрөөнгө көмүскөдөн кожоюндук кылууга ашыккан Канат Исаевдин “группировкасы” менен КСДПдан ушул аймакка “көзүрлүк” кылып жаткан Бакыт Жетигеновдун “группировкалары” катуу таасир талашканы айтылып жүрөт. Сиз шаар бийлигине КСДПнын катары менен келипсиз, а берки Канат Исаевге карата мамилеңиз кандай?

–15-июнда Токмок шаарынын мэрине карата шайлоо өтүп жатканда шаардык кеңештин курамындагы КСДП, “Кыргызстан”, “Республика” жана жергиликтүү АК деген 4 партиядан куралган жалпы курам 31 добуш менен бир добуштан менин талапкерлигимди шаар жетекчилигине колдоп беришти. Муну менен Токмок шаардык кеңешинин депутаттары бекем ынтымакта экендигин далилдешти десем болот. Андыктан, сен атагандай “группировка” деп деле айтыш туура эмес го? Канат Исаев болобу же Бакыт Жетигенов болобу, же дагы башка тыңчыкмасыбы булардын кимиси болбосун баардыгы Токмок шаарынын, ушул өрөөндүн элге төбөсү көрүнгөн сыймыктуу кулундары. Бул экөөнөн башка да Чүй-Токмоктон чыккан биздин бир топ сыймыктуу агаларыбыз бар. Булардын баарын интрига кылып, “тиги жаман, бул жакшы, анын таасири күчтүү” же баштагы сенин соболуңдагыдай “мунун группировкасы бар” деп айткандан алысмын. Биздин өрөөндөн чыккан сыймыктуу агаларыбыздын баардыгы эле Токмок шаарыбызга жакындан жакшы жардам берүүгө күчтөрүн жумшап жатышат.

–Токмок шаарынан өлкөбүзгө “Граф” деген каймана ат менен белгилүү болгон, капчыгы калың, байлыгы башынан ашкан ири ишкер бар эмеспи? Ал кишинин тек-жайы кандай? Азыр кайда? Эсепсиз дүйнөүлкү бар болсо, Токмок шаарынын өнүгүшүнө салым кошуп жүрөбү? Же ал деле кыргыздын “битин сыгып, канын жалаган” битиреген байларындайбы?

–Бул кишини бир эле Кыргызстандын жарандары эмес, чет өлкөдөгү алыс-жакынкы элдер тааныйт болуш керек. Ооба, Ибрагимов Алимжан Рахмановичтин (“Граф”) абройу өтө зор. Дүйнөлүк аренада деле анын кадыр-баркы жаман эместигин уга калып жүрөбүз. Алимжан Рахмонович улуту уйгур экенине карабай, Токмок шаарыбыздын сыймыктуу кулуну катары убагында шаарыбыз үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жакындан жардам берүүгө бар күчүн жумшаган адам. Бүгүн Токмок калаасынын тургундарынын бул кишиге карата мамилелери, симпатиялары абдан жакшы дээр элем. Өзгөчө шаарыбыздын ичиндеги иренжиткен ички жолдорду өз каражатынан жасатууга абдан чоң салымын кошкон. Элестетсеңер, 1 клм жол салыш үчүн канчалалаган миллиондор жумшалат? Ал эми Алимжан Рахмонович шаарыбыз үчүн андай иштерди эч кимге колко кылбай эле жасап келген. Башкасын айтпайлы, Токмоктогу базарлардын тегерегиндеги жолдордун уңкур-чуңкурларын оңдоп-түзөп ремонттоого жакында эле кайрадан чоң жардамын берди. Келечекте деле бул инсан Токмок калаасы үчүн “көзү түз” жаран катары дагы да колдон келген салымын кошо берээрине ишенем.

–Токмоктогу криминалдык абал кандай экен? Кезегинде бул шаарда үрөй учурган окуялар катталып турчу эле? Шаардык милициянын, андагы “кызыл шапкечендердин” башчысы, полковник Максат Чойбеков ишти кандай тартып жатат?

–Токмок шаарында азыр криминалдык абал эң татаал деп айткандан алысмын. Балким, убагында биздин шаарыбыз криминалдык абал өкүм сүргөн аймак катары таанылса таанылгандыр. А бирок, азыр андай эмес. Азыр Токмок шаардык кеңешине депутат болгон эл өкүлдөрүбүз көпчүлүгү мен сыяктуу эле жаштар. Шаардык кеңештин төрагасы да жаш жигит. Криминалдык абал көбүнчө жаштардан келип чыгат эмеспи. Андыктан, шаар бийлигине жаштардын жаңы мууну келе жаткан соң, биз калаабыздагы криминалдык абалды жокко чыгарабыз деп ойлойм. Мурункудай кылмыштуу топтордун курамынын деле аты-жыттары билинбейт. Анан калса өлкөбүздөгү, анын ичинен Чүй-Токмок аймактарындагы криминалдык абал менен күрөшүү, аны жөнгө салууда ИИМдин тиешелүү ГУБОП кызматы соңку убактарда абдан жакшы иштеп жаткандыгы өз жемишин берип жатат окшойт. Ал эми шаардык милициянын башчысы, полковник Максат Чойбеков дараметинин жетишинче жакшы иштеп жатат. Өзү тың жетекчи турбайбы.

–Кезегинде Токмок шаарына сиз сындуу жаш мэр болгон Канат Исаев кийин чоң саясатка канат күүлөп чыкпадыбы? 30 жаштагы бүгүнкү мэр келечекте Канат Исаев агасы сындуу чоң саясатка даңкан салып чыккысы келеби? Дегеле бүгүн Токмок калаа тургундарынын Канат Исаевге карата мамилеси кандай? Эл аны жаман көрбөйбү?

–Баардык нерсе Кудайдын буйругундай. Маңдайга жазган тагдырды көрөбүз да. Мен бүгүн 30 жашта болсом дагы, эртеңки келечек муун астында, урпактар алдында жер карабай, аларга жакшы шарт түзүп, алардын жаркын келечеги үчүн артыма жакшы из калтырып кетүүнү көздөйм. Саясат жолу татаал да. Бүгүн саясат менен алпурушпасаң деле саясат сени менен алпурушуп жатпайбы? Анан кантип коомдун бул тармагы менен алектенбей кое аласың? Болгону саясатта таза жана жүзүңдү эл алдында жарык кылып жүргөндү билишибиз керек. Ал эми Канат Исаевге карата элдин пикирин шаардагы элдин өзүнөн сураш керек го? Токмок шаарыбызда эл көп. Көпчүлүк болгон соң, ар кимдин ар башкача көз-карашы болот эмеспи. Албетте, Канат Исаевди Токмокто колдогондор да көп. Ошого катар көз-караштары дал келбегендер деле болсо болгондур. Дагы айтам, муну элден сураш керек го?

Калыгул Бейшекеев    

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: