Menu

Сооронбай Жээнбеков премьер болору менен агасы Жусупбек Шариповдун жардамчысын губернатордун 1-орун басары кылып дайындады

Бөлүшүү:

Турмуштун кызыгын карабайсыңарбы? Ушул күндөрү Ысык-Көл облусунун губернаторунун 1-орун басарлыгын Дамир Моңолдоров аттуу эргул аткарууда. Биз бул “азаматтын” бейнесине азырынча учкай гана сүртүм сүртүп турубуз. Кезегинде Жусупбек Шарипов (Сооронбай, Асылбек Жээнбековдордун биртууганы) Ысык-Көл облусуна губернатор кезинде дал ушул Дамикең губернатордун жардамчысы катары карьера жасап баштайт. Кийин Ысык-Көл районун акиминин 1-орун басары, 2009-жылы адеп Балыкчы калаасынын мэринин милдетин аткаруучу, кийин кыска аралыкка мэр болуп калат да, бакиевдердин кандуу бийлик режимине үлкөн салым кошкондугу үчүн 7-апрель революциясында Алтынбек Коеналиев аттуу Балыкчылык “катуу турган” жигиттен оозго бир жеп, куулуп кеткени чын беле? Бакиевдердин арааны ачылып, калктын канын соруп турган мезгилде дал ушул Дамир Моңолдоров андагы Ысык-Көл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаевге “кол бала” болуп, Балыкчы шаарынын ошондогу милиция жетекчиси Кандыбек Дегенбаев экөө 2009-жылдагы Балыкчы окуясында жабырланган аялдарды тээп, сөгүп-сагып, КСДПга каршы иштешкендери жалган беле? Бир кездери Балыкчы шаары боюнча “Акжол” партиясынын ашынган тарапкерлери болгон бул экөө ушул күндөрү КСДПнын чачпагын көтөрүп жүргөнүнө таңданып турубуз. Эй, буларда уят-сыйыт, морал, жигитчилик өңдүү сапаттар барбы? Бакиевдердин чачпагын көтөргөн Дамир Моңолдоровду Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болоору менен Ысык-Көл облусунун губернаторунун 1-орун басарлыгына көтөргөнү эмнени билдирет? Бакиевчилерден башка Ысык-Көлдө татыктуу кадрлар калбай калганбы? Балыкчы окуясында аялзатын тээп, сөгүп-саккан дардалаңдаган Дамир Моңолдоров менен Кандыбек Дегенбаев эртели-кеч адилеттүү бийлик келсе жооп беришеби? Президентке бул эки эргул тууралуу чыныгы маалыматтар жетсе, оңбой калышат го…

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: