Унгар-Тоону талашып атат дешти,
Ушул дагы көңүл бурчу кеппи.
Убакыт жок ыр жазып атам,
Ух ий, алаксытпа эсимден чыгып кетти.
Төрт кишини барымтага алып кетти дешти,
Төгөрөгүндө чыгарчу туугандары жокпу.
Таң атпай өтүп ондордо оңуп жүрөт дейсиңерби,
Талкалаймын мамлекеттик маанилүү ишти.
Шоопурум сүйлөп кыргызча,
Кенешчим айтат орусча.
Шансон ырдоо боюнча,
Кедерги болбой угушса.
Шаштымды албай турушса,
Хит жазамын буйруса.
Иши кылса экинчи ажо болбойм,
Ичи тарлык кылбаймын баарын колдойм.
Ичпегиле, иштегиле Кыргызстан оңолот,
Ишенип койгула ажо болбойм, ажо болбойм!
Жазып алган Ренат Раимбеков
Талас
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ