Menu

А. Атамбаевдин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасында 2016-жылдын 29-августу аза күтүү күнү деп жарыяланды

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев кечээ, 28-августта, Кыргыз Республикасында 2016-жылдын 29-августун аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын тексти толугу менен берилет:

2016-жылдын 27-августунда бир эле мезгилде эки каргашалуу окуя болду. Россия Федерациясынын Москва шаарындагы өрттүн кесепетинен Кыргыз Республикасынын 14 жараны каза болду. Бишкек-Ош автомобиль жолундагы кырсык 9 мекендешибиздин өмүрүн алды.

Кыргызстан эли үчүн бул орду толгус оор жоготуу болду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга оор учурда колдоо көрсөтүү үчүн чараларды көрүүдө. Адамдардын курмандыгына алып келген себептерди объективдүү иликтөөнү камсыз кылуу иштери аткарылууда. Бул максатта Россия Федерациясынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасында 2016-жылдын 29-августу аза күтүү күнү деп жарыялансын.

2. Аза күтүү күнү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары түшүрүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга керектүү жардамдарды берип, колдоо көрсөтсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

28-август, 2016-жыл

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: