Menu

Видео – Азимбек Бекназаров: “Алмаз Шаршенович, Унгар-Тоону коргоо колуңуздан келбесе мага уруксат бериңиз, мен өзбек аскерлерин кууп чыгам!”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-августта Аксыда жүргөн Азимбек Бекназаров кыргыз элине видеокайрылуу жасады.

“Урматтуу президент! Эмне үчүн 6 жылдан бери Кумтөр алтын кенинен алтындар коррупциялык жол менен сыртка ташылып, сатылып жатат?  Эмне үчүн 6 айдан бери Темир Сариев кыргыздын Унгар-Тоосун Өзбекстандыкы деп протокол чыгарса ошондон бери өзбектердики болуп калат? Эмнеге ошол 6 айдан бери Унгар-Тоого бир взвод чыгарып чек араны кайтартып койбойсуз?

Эгер Унгар-Тоону коргоо колуңуздан келбесе анда мага уруксат бериңиз, мен өзүбүз түзгөн отряддар менен Өзбекстандын аскерлерин Унгар-Тоодон кууп чыкканга даярбыз!

Анан сиз эмнеге Акаев менен Бакиевдей болуп Конституцияны өзгөрткөнгө жангталашып жатасыз? Эмне сизге бийлик жетишпей жатабы?” – деп кайрылды Азимбек Бекназаров.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: Азимбек Бекназаровдуку

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: