Menu

Чемпион Калыбек Сулайманов машыккан мектеп шаар башчыларына ыраазычылыгын билдиришти

Бөлүшүү:

Франциянын Макон шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы чепионатта дүйнө чемпиондугун жеңип алган Калыбек Сулайманов машыккан Жалал-Абаддагы Раатбек Санатбаев атындагы жаш өспүрүмдөрдүн жана балдардын адистештирилген олимпиадалык резерв спорт мектебинин жетекчиси Чыңгыз Пиримкулов чемпионго колдоо көрсөткөн Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтерине ыраазылык билдирди. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Ч. Пиримкуловдун айтымында, аталган мектептин тарбиялануучусу, жаштар дүйнөнүн чемпиондук титулун жеңип алган К. Сулаймановдун ийгилигине колдоо көрсөткөндөр арбын. Алардын сап башында Жалал-Абад шаарынын жергилктүү бийликтери турат.

-Биз, мектептин жамааты ушул зор ийгиликке колдоо көрсөтүп, буга чейин да дайыма камкордук жасап келишкен шаар мэриясына, депутаттардын шаардык кеңешине зор ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ушундай колдоонун натыйжасында биздин жаш спортчуларыбыз көптөгөн республикалык, эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болуп келатышат. Андан тышкары, грек-рим күрөшү боюнча областтык федерациянын президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Максатбек Эгембердиев, федерациянын башка да мүчөлөрү, Жалал-Абад областынын жаштар иштери, дене-тарбия, спорт башкармалыгынын башчысы Абдыпара Капаров чемпионубузга үлкөн колдоо көрсөтүшкөн. Биз баарына ыраазыбыз. Биздин тарбиялануучубуз 31-август күнү чемпиондукту жеңип алып, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамына чоң белек жасады, – дейт ал.

Азыркы кезде Жалал-Абад шаарынын бийликтери, спорттук жамааты, коочмулугу дүйнө чемпионун тосуп алууга даярдыктарды көрө башташты.

Эскерте кетсек, К. Сулайманов аталган мектепте 8 жылдан бери машыгып келатат. Аны Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучу Алтынбек Салаев тарбиялап, жеңиштерге жеткирген. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти болуп саналат.

Калыбек Сулайманов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: