Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун көзү өткөндүгү тууралу маалымат бүгүн, 2-сентябрда угузулат жана эртең, 3-сентябрда анын сөөгү өзү туулуп өскөн Самарканд шаарында жерге берилет. Бул тууралу “Фергана ньюс” маалымат агенттиги билдирди.
“Азыр Самаркандда Көз карандысыз Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовду жерге берүүгө кызуу даярдыктар көрүлүп жатканын биздин фотожурналисттер 1-сентябрда барып тартып келишти.
Каримовдун сөөгү Самарканддагы атактуу Шахи Зинда тарыхый жана архитектуралык комплекске жанаша жайгашкан мүрзөгө коюлат. Ал жерде Ислам Каримовдун энеси менен эки агасынын да мүрзөлөрү бар”, – деп жазат “Фергана.ньюс” сайты.
Булак: “Фергана ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ