Бүгүн, 2-сентябрь күнү саат 15:00 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл аймагынын Жаны-Турмуш айылында, Бишкек-Ош унаа жолунун 640-650-чакырымынын аралыгында жер көчкү жүргөн. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Натыйжасында жолдун жарымы жабылып калган. Жабыркагандар жок. Тазалоо иштерине Өзгөн райондук №959- жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жөнөтүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ