Menu

Өмүрбек Текебаев: “Конституцияда көрсөтүлбөгөн жол менен өлкөнү башкарып жатабыз”

Бөлүшүү:

Депутат Өмүрбек Текебаевдин 1-сентябрда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүнүн тексти:

-Туура 25 жыл мурун ушул залда, Кыргызстан көз каранды эместигин жарыялаган. Кылымга тете күн болот деп айткан Ч.Айтматовдун сөзүнүн маанисин, мен азыр толугу менен түшүнүп олтурам. 1990- жылы мен ушул залда, Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуш керек дегенде, зал каткырып күлгөн эле . Мени тентек, акылдан адашкан адамдай карашкан. Чыныбай Акуновчитин ордунда олтурган төрага “Бир өлкөдө бир эле президент болот. Москвада биздин М. Горбачёв деген президентибиз бар “- деп каткырып күлгөн. Анда коомдук пикир, ошонун ичинде кыргыз элитасы, көз каранды эместикке даяр эмес болчу. Бирок бир жылдан кийин Кыргыз элитасы, легендарлуу парламенттин депутаттары, 31-август күнү Кыргызстанды көз карандысыз мамлекет катары жарыя кылган. Орто Азияда Кыргызстан биринчи болуп эгемендүүлүгүн жарыя кылганы- бу чоң окуя . Мен бүгүн ушуну баса белгилегим келип жатат. Бир күн орусча айтканда “имел значение”. Анткени биз эле эмес, коңшу өлкөлөр да коркуп , кантип эле өзбек көз каранды эмес мамлекет курат, кантип эле казак көз каранды эмес мамлекет курат, кантип өзүбүздүн армиябыз болот, ким менен кай жакка барып сүйлөшүүнү билбей турган . Ошондо бирөө биринчи чыгып, “Жок, биз эл болобуз .Биз түндүк көтөрөбүз, желек көтөрөбүз!”- деп бышып жетилген. Ушул жерде легендарлуу эл өкүлдөрү олтурушкан .Өзбекстанда 1 –сентябрь, Түркмөнстанда 27- октябрь,Таджикстанда
9-сентябрь, ал эми Казакстанда 16 –декабрь эгемендүүлүк жарыя болгон. Мына ошондуктан бир күн чоң мааниге ээ болгон. Бир күн кылымга тете күн болгон. Ошондуктан бул жерде тарыхый чечимдер кабыл алынган. Андан бери 25 жыл өтүптүр. Бир күн кылымга тете болсо, бул чейрек кылым. Демек бул да кылымга тете жылдар болду десек болот. Биз мамлекет катары түптөлдүк. Мына кечээ 25 жылдык эгемен майрамыбызды белгиледик. 25 жылдык тарыхыбызга карап, жыйынтык чыгарып,сабак алышыбыз керек. Кандай ийгиликтер болду деп даңазалап,кандай кемчиликтер болду деп жол көрсөтүп , дагы 25 жылга бул залга келип олтура турган жаңы муунга , биз саясый керезибизди калтырышыбыз керек. Буларды кайталабагыла, мындай жолдон айланып өтөлүк, алдыбызда мындай чоң маселелер турат деп. Бүгүн мына дүйнөлүк терроризм бизге жакындап калды, чек арабыз жабылып, товарларыбыз Казакстан, Россияга өтпөй калды, атуулдарбыз да өтпөй калды. Түштүктө биздин чек арабызды басып, атуулдарыбызды барымтага алды. Мына ушундай кыйын шартта, бул чоң идеологиялык иш чара болуп, ал күнү элди бириктирип, элди мобилизация кылып, элге дух береш керек эле . Урматтуу депутараттар, Мен айтпашым керек эле , бирок айтып коюш керек. Президент А. Атамбаев 31-август күнү ошол миссияны толук кандуу пайдаланган жок. Чоң тойду бузду. Мен өзүм жөнүндө болсо айтпайт элем. Үйүнө барып деле орусча айтканда “разборка” кылып алмакмын. Же президенттиктен түшкөндө деле көчөдөн, бир жерден кармап алмакмын. Бирок кеп эркектер жөнүндө эмес. Кыргызстандын экс- президенти Роза Отунбаева жөнүндө айтып койбосом болбойт. Алмаз Атамбаев Роза Отунбаеваны мыйзамсыз шайланган президент “самозванка”- деп атады. Иш жүзүндө А.Мадумаровдун сөзүн кайталады. Кыргызстанда саясый стабилдүүлүктүн түзүлүшүнө, оор кырдаалдан чыгышына, Роза Отунбаеванын жана Убактылуу өкмөттүн кымындай да салымы жок деп тескерисинче, алардын кара ниеттигине карабастан, эл өзүнөн-өзү жасап койду деп айтты. Эгер муну унчукпай койсок, депутат катары, эркек катары, адам катары туура эмес болот. Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттү жетеледи. Мен, Бекназаров, Иса Өмүркулов, А.Атамбаев батына албай турганда, жоопкерчиликти өзүнө алды. Биз деле мен болом деп олтуруп алсак болот эле. Бирок биз батына албадык. Ошондой кыйын кезде даяр болуп калган кызыбыз бар экен. Жоопкерчиликти өзүнө алды. Биз баарыбыз баш ийип иштеп бердик. Убактылуу өкмөттү бүткүл дүйнө тааныды, ал болгону 3 ай эле иштеди. Роза Отунбаеваны болсо, бүткүл дүйнө тааныды.Роза Отунбаеванын жасап кеткен эмгеги тарыхта калды. Аны эч ким чийип ,жокко чыгара албайт. Мына ошондуктан кечээ чекилик кетти деп баса белгилеп койгум келди. Мен бекеринен легендарлуу парламенттен баштаган жокмун.Анда мен Руслан Казакбаев олтурган жерде олтурат элем. Ал аксакалдардын көбүнүн көзү өтүп кетти. Ошол легендарлуу аксакалдарынын балдары, азыр ушул жерде олтурат.Эргеш Төрөбаев депутат болгон, азыр баласы Бакыт Төрөбаев олтурат.Келгиле, биз аталарыбыздын койгон тилегин орундаталык . “Атадан кем бала болот. Атадан артык бала болот” ошон үчүн тарыхый чечимдерди кабыл алаганга даяр бололу. Аталарыбызга татыктуу бололук. 25 жылдан кийин ушул жерде, бизди эстеп, легендарлуу аталарыбыз болгон деп кийинки муун сүйлөп турсун. Бүгүн биз Конститутциядан чет жашап, Конститутцияда көрсөтүлбөгөн жол менен өлкөнү башкарып жатабыз. Бул туура эмес. Сиздердин мандат алып келгениңиздерге 1 жыл боло элек. Мандатыңар күчүнө кире элек. Силер лидерсиңер. Өлкөнүн тагдыры силердин колуңарда! Өлкө силерди карап турат. Ушул жоопкерчиликти биз сезе билишибиз керек. Биз бирөөнүн малайы эмеспиз. Биз Жогорку Кеңештин өкүлүбүз. Бизди кайсыл бир кабинеттерге чакырып, эч ким көрсөтмө бербеши керек. Биз тарыхый чечимди кабыл алышыбыз керек. Анткени ,кыргыз элинин бизден башка ишене турган эч нерсеси жок. Бизден жогору жакта Кудай гана бар . Ошон үчүн бизди Жогорку Кеңеш дейт. Кыргызстандын башка кеңеше турган ,таяна турган таянычы жок. Биз ушуну так жана ачык билишибиз керек. Мен алты фракциянын лидерине, өлкөнүн тагдыры силердин колуңарда деп айтткым келет. Бүгүн да өлкөнүн башкаруусун, Конститутциялык нукка бурганга, толук мүмкүнчүлүгү бар. 6 фракцияныны лидери, 120 депутат бизди эмне деп шылдыңдасын эмне деп келекелебесин, бизден башка кыргыздын карманары жок. Азыр каргаса да, жамандаса да, Жогорку Кеңешти жамандайт. Анткени өзүбүз ошого жол берип жатабыз. Ошондой жүрүм- турум менен жетелеме болуп жатабыз. Качан адамды сыйлайт “поступок” болгондо , жоопкерчиликти ала билгенде сыйлайт. Мына ошондо эл, бизге татыктуу мамиле кылат. Анан уялбастан, “биздин өкүл, биздин жетекчилербиз, жол башчыларбыз”- деп бизди сыйлайт. Бүгүн парламенттин деңгээли, мынчалык төмөнгө түшкөн эмес. Эч бир президенттин, өкмөттүн аппараты чакырып көрсөтмө бербеши керек. Тескерисинче, биз ушул трибунадан отчётторун угуп, ушул жерден баа беришибиз керек. Жаман иштешсе, кызматтан алып, элдин адында тарыхый баа беришибиз керек. Мен ачык кайрылгым келет. Өлкөнүн тагдырын Конститутциялык жашоого буруш, биздин колдо! Баш мыйзамда бул каралган. Өкмөттү президентти катыштырбастан парламент түзгөнгө укугу бар. Эгер президент өзүнүн айланасындагылардан кутулбаса…  Мен расмий жарыя кылам президент өзү эмес, айланасындагылар башкарып жатат. Мына ушул жерде чоогу жүргөн, чоогу күйгөн эски соратниктерди көрүп турам,  СДПК партиясын силер .. башкарбай калдыңар!.  Акаевдин, Бакиевдин жанынада жүргөн СДПК партиясынын жытын да болбогон Фариддер, Сапар Исаков ж.б башкарып олтурат. СДПК мен үчүн жат партия эмес. Бири-бирибиз үчүн камалганбыз, өлкө үчүн күрөшкөнбүз. Ошол тарыхыбызды сыйлап, өлкөнү сактап, туура жолго буралы!

Кагазга түшүргөн Элнура Кулуева

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: